Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк Алтынбек Асакеевге Даниядагы жубайлардан сүйүнүчтүү кабар келди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусуна Дания өлкөсүнөн сүйүнүчтүү кабар келди. Анда убагында жардам көрсөткөн Алтынбек Асакеевге даниялык жубайлар — Скотт жана Моника уулдуу болушканын кабарлашты.

Даниялык кош бойлуу жубайларга жардам берген Алтынбек Асакеев аймактык кабарчыга окуя тууралуу айтып берди.

«2023-жыл, август айы болчу. Биз Израилден келген туристтер менен Алтын-Арашан капчыгайында 3 күндүк турда болчубуз. Деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан кереметтүү Ала-Көл көлүн бойлоп, 3900 метр бийиктиктеги Ала-Көл ашуусуна чыгып баратканбыз. Алдыда чет өлкөдөн келген туристтер бара жаткан.

Бир убакта Дания өлкөсүнөн келген жаш жубайлар кезикти. Аябай бактылуу, сонун жубайлар экен. Бирок аябай чарчап, ичкенге суусу жок калыптыр. Мен аларга суу берип, таанышып калдым. Скотт жана Моника экөөнүн тең рюкзактары оор, чоң экен. Анан Моника 1,5 ай кош бойлуу экенин, мындан улам чарчап, оор жүк менен бийиктикке чыгуу кыйынчылык жаратып жатканын айтты. Биз эч ойлонбостон анын рюкзагын алып, өзүбүздүкүнө кошуп байлап, ашуудан жетелеп өтүп, айтылуу Алтын-Арашан жайлоосуна узатып койдук. Аябай ыраазы болуп, экөө тең мени кучактап, рахмат айтышты.

Биз барчу конок үйлөр жакын экен, кечинде чогуу отуруп тамактандык. Эртеси конокторду Алтын-Арашанга таштап, жолго чыктык. Анткени алар дагы 2 күн калышмак. Жолдо кетип баратып, жанагы жубайларды дагы жолуктуруп калдым. Аларды унаага салып алдык. Алтын-Арашан жайлоосунан Ак-Суу айылына чейинки аралык 14-15 чакырым жол болгондуктан, жөө адам 3-4 саат басыш керек. Ошол жолду Моникага басып өтүү оор эле. Анан Каракол шаарына чейин чогуу келип, узатып коюп, үйгө жөнөдүм. Кетип бара жатсам: “Алтынбек, сенин жүрөгүң абдан кенен экен, рахмат сага” деп байланыш номурумду алып калышты.

Ошентип, 2024-жылдын апрель айында таң атпай сонун кабар келди. Моника аман-эсен көз жарып, Оливер аттуу уулдуу болгонун сүйүнчүлөштү. Биздин өлкөнү, бизди жылуу сезим менен эстешери абдан жагымдуу. Негизи биздин өлкөгө келген ар бир туристке меймандостугубузду көрсөтсөк, алар жакындары менен келип, эс алуучулар көбөйөт. Кыргыз элин кең пейилдиги менен таанышат. Андыктан туризм тармагын өнүктүрүүгө ар бирибиз салым кошолу. Жакшылык кылуудан эч качан эрикпейли», — дейт Алтынбек Асакеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE