Пример HTML-страницы

Түн бир оокумда Кеминдин жайлоосунан айдалган жылкыларды Казакстанга сата албай калышкан. Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку соттун кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегиясы Кемин районундагы ири мал уурулук боюнча кылмыш ишин карап, 2024-жылдын 26-февралында өкүм кабыл алган.

Айыпталуучу — Сыдык (аты өзгөртүлдү, С.Э.), билими орто, үй-бүлөлүү, жеке фермерлик менен алектенет, мурда соттолгон.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 27-июнуна караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Акмат (аты өзгөртүлдү, Р.А.) жана Бекзат (аты өзгөртүлдү, Б.М.) жабырлануучу Замирге (аты өзгөртүлдү, Н.З.) тиешелүү болгон 19 баш бээ, 8 баш кулунду жайлоодо жайылып турган жеринен айдап кетишкен. Андан ары Кемин районунун тургуну Р. Т.га караштуу мал сарайга айдап барышкан. Ал жерде Сыдык сарайдын эшигин ачып күтүп турган.

Ошентип алар жылкыларды Р.Т.нын сарайына мыйзамсыз киргизип, эшигин бекитип, Сыдыктын үйүнө кирип кетишкен. Андан кийин жылкыларды Казакстанга сатуу максатында ар бирин ноктолоп башташкан. Бирок, кылмыш ишин алардын эркине көз каранды болбогон себептерден улам аягына чыгара албай калышкан.

Жабырлануучу Замирдин базардын орточо баасы тууралуу шилтемесине ылайык, ага 1 млн 229 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Сыдык Кемин райондук сотунун 2023-жылдын 13-мартындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесинин 1-бөлүгү (оор кылмышты мурда убадалашпаган жаап-жашыруу) менен күнөөлүү деп табылып, ага 50 000 сом айып салынган.

Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 24-июлундагы өкүмү менен аталган өкүм өзгөртүүсүз калтырылган.

Сыдык кассациялык даттануусунда кылмыш кылбаганын, жылкылар уурдалганы тууралуу билбегенин, муну аны менен кошо кармалган Бекзат дагы тастыктап бергенин көрсөтүп, соттук актыларды бузуп, аны актап берүүнү сураган.

Жогорку сот кассациялык даттанууну карап, тараптардын пикирлерин угуп, иштин материалдарын изилдеп чыкты.

Жыйынтыгында Сыдык тууралуу Кемин райондук сотунун 2023-жылдын 13-мартындагы жана Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 24-июлундагы өкүмдөрү күчүндө калтырылды.

Кассациялык даттануу канааттандыруусуз калтырылды. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE