Пример HTML-страницы

Сузакта 30га жакын окуучуну «Портер» сүзүп кетти. Окуянын видеосу

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагынын Жерге-Тал айылында 29 баланы унаа сүзүп кетти.

Turmush басылмасынын кабарчысынын маалыматы боюнча, окуя «Манас«» эпосунан үзүндү айтуу саамалыгы өтүп жаткан учурда болгон. Токтоп турган «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасы жылып, саамалыкка катышып жаткан окуучулар жабыркады. Күбөлөрдүн видеосунан унаа боз уйдү да сүзгөнүн көрүүгө болот.

Анда 29 адамдын ичинен 18и ооруканага жаткарылды. Алардын бири мугалим болосо, 17си окуучулар.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, окуя болжол менен саат 13:30 чамасында иш-чара учурунда болгон. Жаш балдарды «Хендай Портер» унаасы коюп кеткен. Анын кесепетинен 29 бала жабыркады, алар 9-16 жашта.

— Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө 7 бала, алардын ичинен 3 баланын абалы оор;

— Сузак аймактык ооруканасында 3 бала жатат;

— Октябрь жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы 8 баланын абалы орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

«Алымкадыр Бейшеналиев тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Жалал-Абад облустук милициясы тастыктаган маалымат боюнча, окуя Көк-Арт, Багыш айыл аймактарына караштуу мектеп окуучуларынын «Манас» эпосунан үзүндү айтуу учурунда болгон. Жерге-Тал айылынын 1976-жылы туулган тургуну Ж.Б. «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасын токтотуп койгон. Жеринен кокусунан автоунаасы жылып кетип, окуучуларды тебелеп кеткен.

Бул маалымат Сузак РИИБге кокустук болуп катталып, алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE