Пример HTML-страницы

«Манас» айтып жаткан окуучуларды «Портер» сүзүп кеткен. Экөөнө операция жасалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен окуучулардын экөөнө операция жасалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарман Байдавлетов билдирди.

Анын айтымында, облустук ооруканага 10, Сузак аймактык ооруканасына 3 бейтап которулду. Жалпы 29 бейтап ооруканага кайрылып, алардын 18и ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен эки окуучуга операция жасалды. Окуучулардын абалы орто оор деп бааланууда.

Облустук балдар ооруканасына жаткырылган окуучулардын ата-энелери, жакындары менен Жогорку Кеңештин депутаты, координатор баштаган дарыгерлер оорукана алдында жолугушту. Анда ата-энелер оорукана төлөмдөрдү тууралуу сурашты.

Жалал-Абад облустук милициясы шектүү катары окуучуларды сүзүп кеткен «Хендай Портер» унаасынын айдоочусу кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, аталган факты боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүгү (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү кызматтарга тергөө тапгырмалар берилип, жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Тергөө амалдарын жүргүзүүдө шектүү катары Сузак районунун тургуну — 1976-жылы туулган Ж.Б. суралып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин милиция Сузак районундагы окуя боюнча ыкчам тергөө аракеттери жүрүп жатканын билдирген.

Маалыматка караганда, Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 102 номуруна милициянын старшинасы Т.Айдарбеков кабар берип, анда 2024-жылдын 2-май күнү саат 14:00 чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда окуучу балдардын арасында «Манас» айтуу аземи болуп жаткан учурда Жерге-Тал айылынын 1976-жылы туулган тургуну Б.Ж. өзүнүн башкаруусундагы «Хендай Портер» автоунасын өчүрбөй токтотуп, автоунаадан түшүп кеткен мезгилде кокусунан автоунаасы жылып кетип, «Манас» айтып жаткан окуучу балдарды сүзүп кеткендигин кабарлаган.

Аталган факты Сузак РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, Жалал-Абад ОИИБдин, Сузак РИИБдин жетекчилиги, ыкчам тергөө тобу менен бирге чыгып, окуя болгон жерге фото, видео каражаттарын колдонуу менен кароо жүргүзүлүп, тийиштүү материалдар топтолду.

Текшерүү учурунда «Хендай Портер» автоунаасынын айдоочусу — 1976-жылы туулган Б.Ж. өз көрсөтмөсүндө аталган окуя болгон учурда ал демөөрчүлүк кылып, кароо-сынакка катышып жаткан балдарга бекер бал муздак таркатуу үчүн 7 коробка балмуздак жүктөп чыккандыгын, ал балмуздакты Жерге-Тал айылдык мектебинин директоруна кайсы жерге жеткирип берейин деп суроо үчүн автоунаасын токтотуп, жерге түшүп, телефон менен чалып жаткан учурда автоунаа ылдыйга жүрүп кеткендигин байкабай калып, өзү артынан кууп токтотконго жетишпей калгандыгын билдирген.

Ошондой эле текшерүү учурунда Сузак райондук мамлекеттик адмнистрациясы жана Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда президенттин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы «Манас» эпосуну («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында Көк-Арт айыл аймагынын Катмы эс алуучу жайында «Урааным Манас» кароо-сынагынын райондук түрү өткөрүлүп, ал жерде райондун аймагынан 3000 окуучуну катышып жаткандыгы такталган.

Окуядан улам жалпы 31 окуучу райондун аймагындагы Сузак, Октябрь айылдык ооруканаларына жана Жалал-Абад облустук ооруканасына кайрылган. Кайрылган окуучулардын арасынан 18 окуучу ооруканага жаткырылып, алардын арасынан 4 окуучу Жалал-Абад облустук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө сынган жаракаттары менен жаткылырып, абалы оор деп бааланууда. Ал эми калган 13 окуучу амбулатордук түрдө медициналык жардам алып чыгып кетишкен.

Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбө болгон жарандар такталып суралып, тийиштүү тергөө ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Turmush Жерге-Тал айылында 29 баланы унаа сүзүп кеткенин жазган.

Анда 29 адамдын ичинен 18и ооруканага жаткарылды. Алардын бири мугалим болосо, 17си окуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE