Пример HTML-страницы

БЭЭ СҮТҮ МЕНЕН ДАРЫЛАНУУ. 

https://kyrgyzcha.site/?p=55910&preview=true Пайдалуу кеңештер.

БЭЭ СҮТҮ МЕНЕН ДАРЫЛАНУУ.

 

Илгертеден кыргызда бээнин сүтү миң ооруга даба делет. Мындан улам акыркы жылдары бээ сүтүн ичкен адамдардын да, бээ сүтүн сатып бизнес кылгандардын да саны өсүп барат. Эмесе, бээ сүтү менен дарылануу үчүн кайда барууга болот? Аны кимдерге ичкенге болот? Кымыз ичүү сезону башталар алдында бул жаатта изилдеп көрдүк.

 

ДАРТКА ДАБА БЭЭ СҮТҮ

Бээ сүтүнүн дарылыгы Үркөр чыгып (июндун ортосу), чөп каткыча сакталат. Чөп каткандан кийин сүт күчүнө кирип, өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн. Эгер өнөкөт оорулар болбосо, жаңы тууган бээнин сүтүн аз-аздан иче берсе болот.

Бээнин уузу тарай элек сүтүн саалары менен жылуу бойдон 15 күн ичүү кажет. 15 күндөн соң уузу тарап, дарылыгы жоголо баштайт. Эгер андан көп ичем десеңиз, башка жаңы тууган бээни таап, сүтүн ичүү керек. Үзбөй 3-4 бээнин сүтүн ичсеңиз иммунитетиңиз жогорулайт. Тоолуу аймактагы жайлоолордо бээлер дарылык касиети көп чөптөрдү жегендиктен сүтүнүн дарылык касиети чоң.

 

БЭЭ СҮТҮНҮН ПАЙДАСЫ

 

1. Кан тамырларды кеңейтип, ашказан бездеринин иштешине жардам берет.

2. Сүттүн курамындагы иммуноглобулин организмге сырттан кирген микроб жана вирустар менен мыкты күрөшөт. Иммунитетти, гемоглобинди көтөрөт.

3. Дем алуу жана заара жолдорундагы былжыр челдерди инфекциядан коргойт.

4. Кандын айланышын жана зат алмашууну жакшыртып, клеткалардын кайрадан калыпка келүүсүнө шарт түзүү менен картаюуну кечеңдетет.

5. Уйдун сүтүнө караганда бээнин сүтүндө белок жана май 1,5-2 эсе аз, ал эми лактоза 1,5 эсе көп. Ошондой эле кычкылдуулугу аз. Андыктан бээнин сүтүндөгү белок жана май адамдын организмине жакшы сиңет.

6. Бээ сүтүнүн курамында алюминий, жез, цинк, темир, фосфор, калий, натрий, магний, кальций жана башка минералдык заттар бар. Ошондой эле B1, B2, B3, B5, A, C, D3, D2, E, витаминдерине бай.

 

КАНДАЙ ӨЛЧӨМДӨ ИЧҮҮ КЕРЕК?

Кээ бирлердин аз ичкенде эле ичин алса, айрымдарга таасир деле этпейт. Андыктан ичин ала тургандар 5 маал 30-50 граммдан ичип, ашказанын көндүрүп, анан өлчөмүн көбөйтүүсү кажет. Кош бойлуулар жана жаңы төрөгөндөр көтөрүмүнө жараша, ал эми кан басымы жогорулар аздан ичсе болот. Оору курчуп турган кезде ичүү сунушталбайт. 2 жашка чейинкилерге кээде гана 1 ууртамдан берүү оң. Сүт ичкен убакта дары ичпөө керек.

 

КАЙСЫ ООРУЛАРДА ИЧИЛЕТ?

Ашказан жарасы

Өт, боордун оорулары (цирроз, сарыктын түрлөрү)

Нерв, тери оорулары

Өпкө ооруларында (анын ичинде кургак учук)

Кан тамыр, бөйрөк оорулары

 

КАНДАЙ ООРУЛАРДА ИЧИЛБЕЙТ?

Сөөк-муун оорулары

Миома

Жогорку кан басым

Псориаз

Панкреатит (уйку безинин оорусу)

Жатын түтүктөрүнүн барсылдагы (киста)

Кант диабети

Рак

Ичеги жарасы

Геморрой

Кызыл жүгүрүк.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE