Пример HTML-страницы

101 жаштагы Абдилла Жоробаев согуш учурун эскерди (видео)

Акыркы жанылыктар

Turmush101 жаштагы Абдилла Жоробаев Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагына караган Кызыл-Октябрь айылында жашайт. Ал Тurmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде балалыктагы оор күндөрү тууралуу айтып берди.

Абдилла Жоробаевдин балалыгы согуш жылдарына туура келген. Ал фронт үчүн эгин талаасында эмгектенген күндөрүн эскерди.

«Өзүм 1923-жылы туулгам. Ата-энем жаш кезибизде каза болуп калып, иним экөөбүз атамдын инисинин карамагында калдык. 17-18 жашымда экинчи дүйнөлүк согуш башталып, абам кан майданга кетип, бирок кайткан жок. Согушка мага да чакыруу келип, ошол кездеги селсовет мени чакырып, жетим экенимди билип, фронтто иштешим керек экенимди айтып, алып калды. Айла жок иним менен айылда калып, иштеп жүрдүм. Эрте жаздан кеч күзгө чейин айылда пахта эгип, жыйнап, колхоздун буудайын сугарып, оруп жыйнайбыз. Кеч күздө Жазы-Кечүүгө барып, отун жыйнап, ал жакта иштейм.

Ошол согуш жылдарында эл абдан кыйналган. Жегенге эч нерсе жок, талаада эгип, терип жыйнаган эгиндин баарын фронт үчүн берип, өздөрү жегенге эч нерсе жок калган. Эл ачкалыктан чириген картошканы сууга кайнатып, андан камыр кылып, нан жаап жеген күндөр болгон», — дейт ал.

Ал согуштин кийинки жылдары колхоздо малчы, жубайы саанчы болуп иштеп, экөө тең пенсига чыкканын айтат.

«Согуштан кийинки жылдары үйлөнүп, райондогу «Партизан» совхозунда малчы болуп иштедим. Жаңы үй-бүлө курганда турак жайым жок, кемпирим менен малкананын бир бөлмөсүн жатакана кылып, ошол жерде жашап жүрдүм. Ал учурда азыркыдай үй-жай салуу, унаа сатып алуу деген түшүнүк жок болчу. Күн сайын саарлап уйларды саап, сүт тапшырып, мал короону тазалап, малдын санын берип, өзгөчө туут мезгилинде бир да торпокту өлтүрбөй, туут боюнча колхозго тынымсыз маалымат берип турчубуз. 28 жыл малчы болуп иштеп, туут мезгилинде бир канча торпокту өлтүрүп алып, абдан каттуу сөгүш алгам. Ал кезде тартип абдан бекем болчу. 1983-жылы «Эмгектин ардагери» төш белгисин алдым. Өмүр бою мен малчы, кемпирим саанчы болуп иштеп, пенсияга чыктык. 12 балалуу болуп, тилекке каршы 4 балабызды жаш кезинде чарчатып алдык», — деди ал.

Учурда Абдилла Жоробаевдин 31 небере, 72 чөбөрө жана 2 кыбырасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE