Пример HTML-страницы

Turmush: Кара-Көлдө чак түштө 17 жаштагы баланын өмүрү кыйылган: Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку сот адам өмүрү кыйылган жол кырсык боюнча айыпталган адамга карата 2024-жылдын 6-февралында өкүм чыгарды. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.

  • Айыпталуучу Закир (аты өзгөртүлдү Т.З.К.) Кыргыз Республикасынын жараны. Бойдок, убактылуу эч жерде иштебейт. Мурда соттолгон эмес.

Кылмыштын чоо-жайы:

Закир айдоочулук күбөлүгү жок болгондугуна карабастан 2022-жылдын 16-февраль күнү саат 12:50 чамасында Кара-Көл шаарында бир тууган агасы Т.Б.К.га таандык «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унааны эч кимден сурабай үйдөн айдап чыккан. Унаага 2002-жылы туулган досу Сарыгулду (аты өзгөртүлдү Т.С.К.) салып алып, катуу ылдамдык менен бара жатып, бурулма жолго келип калган учурда унаасынын печкасын жагуу үчүн жолду карабай алаксыган. Анын кесепетинен унаасын башкара албай, жолдун түндүк тарабында тротуарда жөө басып келе жаткан Кара-Көл шаарынын 2005-жылы туулган тургуну Ж.И.Р. менен анын 2004-жылы туулган бир тууган агасы Ж.А.Р.ды сүзүп өтүп, унаа 25 метр аралыкка оодарылып барып, сайга түшүп, Кара-Көл шаарынын Рахимов көчөсүндө жайгашкан үйдүн сырткы короосуна барып оң капталы менен оодарылып туруп калган. Кырсыктын кесепетинен 2005-жылы туулган тургуну Ж.И.Р. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми агасы алган жаракатынан улам Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Шаардык соттун өкүмү:

Жогорудагы кылмыш боюнча Закир Кара-Көл шаардык сотунун 2023-жылдын 22-июнундагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-3-бөлүктөрү (этиятсыздыктан автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуп, өзгөчө оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген.

Жалал-Абад облустук сотунун өкүм:

Кийин апелляциялык даттануу келтирилип, Жалал-Абад облустук сотунун 2023-жылдын 3-октябрындагы өкүмү менен Кара-Көл шаардык сотунун 2023-жылдын 22-июнунда Закирге карата чыгарылган өкүмү өзгөртүлгөн. Анда ал Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-3-бөлүгү (этиятсыздыктан автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуп, өзгөчө оор залал келтирүү) боюнча айыптуу деп табылып, 7 жылга эркиндигинен ажыратылган. Моралдык залалды компенсациялоо иретинде жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлү А.Н.Т.нын пайдасына 300 миң сом өндүрүлгөн. Өкүмдүн калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылган.

Жогорку сотко кайрылуу:

Биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун өкүмдөрү менен макул болбой, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Н.А. Жогорку сотко кассациялык даттануу менен кайрылып, Кара-Көл шаардык сотунун 2023-жылдын 22-июнундагы жана Жалал-Абад облустук сотунун 2023-жылдын 3-октябрындагы өкүмдөрүнө өзгөртүү киргизип, Закирди 13 жылга эркиндигинен ажыратууну суранган.

Соттолгон Закирдин жактоочусу Т.К. болсо кассациялык даттануу менен кайрылып, биринчи жана экинчи инстанциядагы өкүмдөрдү өзгөртүп, ага камакка байланышпаган жеңил жаза катары Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде пробация колдонуп, камактан бошотуп берүүнү суранган.

Кассациялык соттук отурумда жабырлануучу А.Ж., жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Н.А. кассациялык даттанууларындагы талаптарын өзгөртүшүп, Закирди кечиришкендигин жана ага доо арыздары жок экендиктерин айтып, жарашуу келишимине келишкендиктерине байланыштуу ишти кыскартып берүүнү суранышты.

Жогорку соттун өкүмү:

Сот иштин материалдарын карап чыгып, Жалал-Абад облустук сотунун 2023-жылдын 3-октябрындагы өкүмүн өзгөрттү. Закирге Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, жаза өтөгөн жайынан токтоосуз түрдө бошотулду.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE