Пример HTML-страницы

«Куруучу» ААКтын акционерлери экенин айткан ноокаттык тургундар аларга дивиденд төлөнбөй жатканын билдирди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 30-апрелде АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ноокат районунун тургундары 1993-жылы Ноокат районундагы көпчүлүк курулуштарды курган мамлекеттик ишкананын мүлкү «Куруучу» ачык акционердик коомуна өтүп, анын директору жана балдары ААКтын мүчөлөрүнө бүгүнкү күнгө чейин дивиденд бербегенин билдирди.

Алардын айтымында, «Куруучу» ААКка таандык мүлктөр сатылып, андан бир гана адам пайда таап жатканын акционерлер 2004-жылы гана билген. Ошол убактан бери соттук процесстер жүрүп, «Куруучу» ААК Юстиция министрлигинен «Кыргыз-Ата Куруучу» ААК болуп катталып, акционерлердин мыйзамдуу орду тикеленип, алар чыныгы акционер деп табылган. Бирок ага карабай ишкананын мурунку директорунун балдары дивиденд төлөбөй келет.

Аталган ААКтын мүчөсү экенин айткан Рахманберди Жолдошов: «Күрөшүп жүрүп, 2015-жылы жаңы жагдайлар менен иш Ош облустук сотунда каралып, 55 пайызга ээ болдук. Облустук соттун чечими Жогорку сотто күчүнө калды. Алар биздин дивиденд ала албай калсын деп «Ноокат строй» ЖЧК, дагы башка кылып каттап алышкан экен. Анан биз соттошуп жүрүп, «Кыргыз-Ата Куруучу» ААК болуп кайрадан каттоодон өтүп, күбөлүктөрдү алдык. Азыр ошол ААКтын 55 пайыз акциясына 78 адам ээлик кылабыз», — деди.

ААКтын мүчөсү экенин айткан Акрамжан Насиров чуунун башы союздан калган ишкананын башкарган адамда экенин билдирди.

«Акаевдин заманында приватташтыруу башталып, ААК кылуу үчүн мамлекеттик алымды төлөш керек экен. Мамлекеттик алымды ошол жерде иштеген жумушчулардын эки айлык маянасын бербей төгүп, ААК ачкан дагы, башында бир жыйын өткөрүп, ошол боюнча өзү каалагандай калчап келген. Ошонун негизинде ал киши соттолуп, 5 жыл камак жазасын алып, кийин кайтыш болуп кетти. Сот бул кишинин акцияларын жокко чыгарган. Ал эми 45 пайыз акцияны ошондогу купондордун негизинде алып, топтогон. 55 пайыз ошол ишканада иштеген жамааттыкы болчу. Бирок балдары да атасынын жолун улап, бизге бир да дивиденд берген жок. Ошол боюнча бир жыйынтыкка келе алган жокпуз. Соттук процесстер жүрүүдө», — деди Насиров.

Аталган тургундар алардын маселесин адилеттүүлүк менен чечип берүүнү суранып, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

СССР ыдыраган маалда аталган ишкананын директору болуп турган жарандын уулу Жалынбек Ашымов аталган тургундардын айткандарын төгүндөдү.

«1993-жылы чечим чыгып, 55 пайыз акция ошол ишкананын 237 адамдан турган эмгек жамаатына бөлүнсүн делген экен. Атам көп жыл директор болгону үчүн атама 14 пайыз акция тийген. Ишканада калган жумушчулар акцияны учурунда майга, бир куту тамекиге сатып отуруп, 7-8 эле адам калган. 55 пайыздан сырткаркы 45 пайыз акцияны атам ошол кезде сатып алган. Азыр кайрылган жарандар учурунда акцияларын сатып жиберген же болбосо тиешеси жок эле адамдар. Учурда канча пайыз акция кимге таандык, бизге канча пайыз акция таандык экени боюнча соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Соттон далилдеп беребиз», — деди ал.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Кыргыз-Ата Куруучу» ачык акционердик коомунун жетекчиси катары Рахманберди Жолдошов көрсөтүлгөн. Ал эми түзүүчүлөрү — 12 акционер. ААК 2020-жылы 12-декабрда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE