Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда жумушсуз жарандарга 300дөн ашык бош орун сунушталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад шаарында жумушсуз жарандарга иш берүүчүлөр тарабынан 300дөн ашык бош орун сунушталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова билдирди.

Анын айтымында, бош жумуш орундар жармаңкесине калаа жетекчилигинен өкүлдөр, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жумуш берүүчүлөр жана жумушсуз жарандар катышты.

«Жылына 2 ирет бош жумуш орундар жармаңкесин өткөрүп турабыз. Мында жумуш берүүчүлөр менен ишсиз жүргөн жарандар бир аянтчада жолугуп, ваканциялар тууралуу маалыматтар айтылат. Бүгүнкү иш-чарага негизинен ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү катышты. Иш-чарада жалпы 300дөн ашык ваканция сунушталды. Акыркы мезгилде биз эки жолу уюштуруудан сырткары социалдык тармактарда атайын тайпаларда муктаждык жаралган кесип ээлери же бош орундар тууралуу маалымат берип жатабыз», — деди ал.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 2024-жылдын апрель айына карата Жалал-Абад шаарында 1159 адам жумушсуз катары каттоодо турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE