Пример HTML-страницы

ОшМУ Хэнань провинциясынын жүрөк-кан тамыр оруулары клиникасы менен кызматташат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Кытайдын Хэнань провинциясынын жүрөк-кан тамыр оруулары клиникасында болушту.

Тараптар менен болгон жолугушууда ОшМУнун медициналык клиникасында эки тараптын адистери биргеликте жүрөк-кан тамыр ооруларына операцияларды жасоо сунуштары айтылды.

Андан сырткары ОшМУнун дарыгер адистерин аталган клиникага тажрыйба алмашууга жөнөтүү макулдашылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап жакын арада перспективалык багыттарды аныктап, келишим түзүүнү пландашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE