Пример HTML-страницы

Беловодск айылында бош орундар жана келечек кесип жармаңкеси уюштурулду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 30-апрелде Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында бош орундар жана келечек кесип жармаңкеси уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жармаңке райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен Беловодск айылындагы №28 Кыргыз-орус кесиптик лицейинин базасында өттү. Ага райондун акими Ниязбек Козуев, райондук билим берүү бөлүмүнүн, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчылары, адистери, мугалимдер, ата-энелер, окуучулар,14 мекеме-ишкана, Манас социалдык айылынан жана ар аймактан 14 жогорку окуу жайдын, 7 лицейдин өкүлдөрү, студенттери катышты.

Райондун акими Ниязбек Козуев ар бир кесиптин ардактуу экенин белгилеп, Эгемендүүлүк күнүнө карата 500 адамды туруктуу иш менен камсыздоочу 4 чоң ишкана ачыларын ачыктап, катышуучуларга ыраазычылык кат тапшырды.

Мындан сырткары социалдык келишим менен ийгиликтүү иштеп, кошумча жумушчу орундарды түзгөндөр өз эмгектерин көргөзмөгө коюшту. Алардын бири Беловодск айылынын тургуну Виктория Музыченко социалдык келишим менен 100 миң сом алып, тоок багып, жумуртка сатып, айына 30 миң сомго чейин таза киреше таап жатканын айтып берди.

Ал эми №28 Кыргыз-орус кесиптик лицейинин окуучулары кесиптик ишкердүүлүгүн көрсөтүштү.

Учурда райондо 11-классты 711 жана 9-классты 2063 окуучу бүтүрүү алдында турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE