Пример HTML-страницы

Аравандагы тургундун билегин кескилеп, 2 млн сом талап кылышкан. Окуянын чоо-жайы

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Араван районунда карактоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 22-апрелинде Араван райондук ички иштер бөлүмүнө С.Юсупов айыл аймагынын тургуну — 2002-жылы туулган Х.А. белгисиз жагдайда денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат катталган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, жабырлануучу Х.А. 2024-жылдын 21-апрель күнү болжол менен саат 23:30 чамасында С.Юсупова айыл аймагында автоунаасын башкарып бара жатканда, ак түстөгү башка автоунаа сүзүп токтотуп, унаадан медициналык бет кап кийген азиат түспөлүндөгү болжол менен 30-35 жаштагы эки адам түшкөн. Алар жабырлануучуга зомбулук көрсөтүп, бычак такап коркутуп, колунун билегин кескилеп унаасын тартып алып, «2 000 000 сом акчаны тез арада таап кой» деп, окуя болгон жерге таштап, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Кылмышка шектүү катары Араван районунун 1992-жылы туулган тургуну С.Т. Бишкек шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалды. Ошондой эле 1993-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган чет өлкөнүн жараны Х.Ш. кармалып, камакка алынды.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE