Пример HTML-страницы

Turmush: Таластын «смотрящийи» «Тайсондун» окуясы: Анын ишинин чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында УКМК тарабынан кармалган С.М.К. аттуу жарандын иши Жогорку сотко чейин жетти.

Талас шаардык соту 2023-жылдын 27-декабрда С.М.ны Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап талап кылуу ) менен айыптуу деп таап, 1 жыл 6 айга эркиндигинен ажыраткан. Сот жаза мөөнөтүн 2023-жылдын 3-октябрынан тарта эсептеткен. Сот өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейинки кармалган 1 күнү эркиндигинен ажыратылган 2 күнгө барабар деп эсептелген.

Талас облустук соту 2024-жылдын 13-февралда Талас шаардык сотунун 2023-жылдын 27-декабрындагы өкүмүн өзгөрткөн. С.М. жабырлануучу тарапка келтирилген материалдык зыяндын ордун төлөп берип, аны менен жарашууга жетишкенине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесинин (жабырлануучу менен бүтүмгө жетишкенде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу) негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Кылмыш иш кыскартылган.

Жогорку сотко Талас облустук прокуратурасынын кызматкери Р.Ишеналиев тарабынан даттануу келтирилген. Ал Талас облустук сотунун 2024-жылдын 13-февралындагы өкүмдү жокко чыгарып, С.М.ны Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (уюшкан топ тарабынан опузалап талап кылуу) боюнча айыптуу деп таап берүүнү суранган. Иштин материалдары Жогорку сотто каралмак болду.

———————————————————————————

2023-жылы 6-октябрда УКМК Талас облусунда башкадан акча талап кылууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун «Тайсон» деген каймана аты бар мүчөсү Самат (аты өзгөртүлдү С.М.Ж.) кармалганын билдирген.

Маалыматка караганда, «Тайсон» мурда Камчы Асанбектин кылмыштуу тобунун Талас шаарындагы «смотрящийи» болчу.

Кылмыш иштин алкагында «Тайсон» автомектептин мугалими Анварга (аты өзгөртүлдү А.Б.А.) басым көрсөтүп, аны каралай турган маалыматтарды милицияга жана УКМКга берип коерун айтып коркутуп, 70 миң сом акча талап кылганы аныкталган. «Тайсон» 30 миң сом акча алып жаткан учурда кармалып, Талас ОИИБде камакка алынган. Аны тинтүү учурунда жанынан 20 грамм каннабис баңгизаты да табылган.

Иштин материалдарына караганда, Самат («Тайсон») Талас районунун тургуну. 3 баланын атасы. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин оперативдик тизмесинде турат.

2023-жылы сентябрда Саматка («Тайсон») бир адам кайрылып, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн автомектептин кызматкерине 7 миң сом акча бергенин айтып, ошол акчаны кайтарып берүүгө жардам сурап кайрылган. «Тайсон» 2023-жылы 1-октябрда автомектептин кызматкери Анварга телефон чалып, анын үстүнөн укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылууга болорун айтып коркутуп, 70 миң сом акча талап кылган. Анвар болсо укук коргоо органдарына арыз жазылса негативдүү кесепеттер болорун ойлоп, мурда алган 7 миң сомду алган адамына кайтарып берген. «Тайсон» буга карабай ага укук коргоо органдарында көп байланыштары бар экенин айтып, 30 миң сом акчаны электрондук эсептердин бирине которууну талап кылган. Анвар болсо УКМКга кайрылып, чара көрүүнү суранган. Бул факты боюнча УКМКнын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иш козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө «Тайсон» талап кылынган 30 миң сом акча электрондук эсепке которулгандан кийин Талас шаарынын Сарыгулов көчөсүндөгү «Алтын-Казык» дүкөнүнүн жанынан кармалган. Ал Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (уюшкан топ тарабынан опузалап талап кылуу) боюнча шектүү катары карала баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE