Пример HTML-страницы

Достордун отурушунан кийин жол тандабас талкаланган абалда табылган. Жогорку сот ишке чекит койду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку соттун кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегиясы бирөөнүн унаасын айдап кетип, андан кийин жол-транспорт кырсыгына кабылган жарандын ишин карап чыкты. Өкүм 2024-жылдын 22-январында кабыл алынган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Жаныбек (аты өзгөртүлдү, Э.С.у.) 2021-жылдын 14-ноябрында саат 00:00 чамасында достору — Шакир (аты өзгөртүлдү, Ш.К.А.), М.У.М., Р.Р.Ж. жана К.Д.А. менен бирге спирт ичимдиктерин ичкен. Баары мас болуп калган учурда Шакирди «менин үйүмө жатып кет» деген шылтоо менен батирине алып барган. Шакир уктап калганда анын курткасынын чөнтөгүнөн жабырлануучу А.З.К.га тиешелүү болгон «Тойота Ленд Круизер 200» үлгүсүндөгү унаанын ачкычын уруксаты жок алган. Андан соң токтоп турган унааны айдап кетип, түнкү саат 04:20 чамасында турак үйдүн дубалын сүзүп, жол кырсыгына учураган. Анын кесепетинен автоунаа жараксыз абалга келген.

«Экспертъ” мамлекеттик эмес соттук-эксперттик мекемеси” ЖЧКсынын 2022-жылдын 14-январындагы отчетуна ылайык, «Тайота Ленд Круизер 200» үлгүсүндөгү 2016-жылы чыгарылган. Орточо базар баасы 66 357 долларды түзгөн.

Улуттук банктын курсуна ылайык, 2021-жылдын 14-ноябрь күнүнө карата 1 доллар 84,7826 сомду түзгөн. Натыйжада жабырлануучу А.З.К.га 5 625 918,9882 сомду түзгөн материалдык чыгым келтирилген.

2022-жылдын 22-июлундагы стационардык комиссиялык комплекстик соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын корутундусуна ылайык, Жаныбек кылмыш жасаган учурда акыл-ээси жайында болгондугу аныкталган.

  • Ага Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 1-бөлүгү (уурдоо (айдап качуу) максатын көздөбөстөн автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укук ченемсиз ээлеп алуу) жана 3-бөлүгүнүн 1-пункту (ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар: этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен) боюнча айып тагылган.

Мындан тышкары «Экспертъ” мамлекеттик эмес соттук-эксперттик мекемеси” ЖЧКсынын 2022-жылдын 14-январындагы отчетуна ылайык, унааны калыбына келтирүүнүн орточо базар баасы 37493,78 долларды түзгөн.

Улуттук банктын курсуна ылайык, жалпысынан 3 179 461 сомду түзгөн.

Натыйжада жабырлануучу А.З.К.га 3 179 461 сомду түзгөн мүлктүк чыгым келтирилген.

  • Бул боюнча Жаныбекке Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 1-бөлүгү (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же олуттуу зыян келтирүү менен бузуу, ошого тете мамлекеттин коргоосуна алынган тарыхый же маданий эстеликти же жаратылыш объектисин жок кылуу же бузуу), 3-бөлүгү (ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар өзгөчө ири зыян келтирсе) боюнча айып тагылган.

Жаныбек Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2023-жылдын 2-июнундагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 1-бөлүгү жана 216-беренесинин 3-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган.

  • Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 4 жылга эркиндигинен ажыратылган.
  • Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 6 жылга эркиндигинен ажыратылган.
  • Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде дайындалган жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 7 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 15-ноябрынан баштап эсептелинген. Конституциялык соттун 2023-жылдын 29-мартындагы чечимине ылайык, Жаныбектин өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун эки күнүнө барабар деп эсептелинген. Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин үй-камакта кармоонун беш күнү эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө барабар деп эсептелинген.

Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесине 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү көрсөтүлгөн.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин Жаныбектен жабырлануучу А.З.К.нын пайдасына 3 009 782 сом өндүрүлгөн.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 4-августундагы өкүмү менен аталган өкүм өзгөртүлгөн. Жаныбектен жабырлануучу А.З.К.нын пайдасына 2 658 462 сом өндүрүлгөн. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган.

Жаныбектин жактоочусу О.С. Ленин райондук сотунун 2023-жылдын 2-июнундагы жана Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 4-августундагы өкүмдөрү менен макул болбой, кассациялык даттануу келтирген. Анда аталган өкүмдөрдү жокко чыгарып, Жаныбектин жаш курагын, мурда соттолбогондугун, үй-бүлөлүк абалын, туруктуу жашаган жери бар экендигин эске алып, пробациялык көзөмөл колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн бошотуп берүүнү сураган. Ага негиз катары соттор кылмыш ишти бир тараптуу карап, Жаныбектин көрсөтмөлөрү эске алынбагандыгын, окуя болгон учурда ал психикалык оору менен жабыркап, өзүнүн кыймыл-аракетине жооп бере албагандыгын көрсөткөн.

Жогорку сот иштин материалдарын карап, кассациялык даттануунун жүйөөлөрүн талкуулап, тараптардын пикирлерин укту.

Жыйынтыгында Жаныбек тууралуу Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 4-августундагы өкүмү күчүндө калтырылды. Жактоочу О.С.нын кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE