Пример HTML-страницы

Нарында 1 жумада 600дөн ашык айдоочу жол эрежесин бузду. Жетөө мас абалда болгон

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунда 1 жума ичинде 607 айдоочу жол эрежелерин бузду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-28-апрель күндөрү облус аймагында рейд жүрдү. Эреже бузган 607 айдоочуга Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлдү. Ошондой эле 30 унаа айып короого токтотулду.

Жол эрежелерин бузгандардын ичинен:

— мас абалында автоунаа башкаруу — 7 учур;

— ылдамдыкты ашырып айдоо — 176 учур;

— жол белгилерине баш ийбөө —166 учур;

— коопсуздук курун тартынбай айдоо — 178 учур;

— жол чыракка баш ийбей айдоо — 1 учур;

— автоунааларын документтери жок башкаруу — 10 учур;

— автоунаа айдоого укугу жок башкаруу — 1 учур;

— автоунаага мамлекеттик белгисин коюу эрежелерин бузуу — 4 учур;

— транспорттук каражаттарды каттоо тартибин бузуу — 2 учур;

— эксплуатациялоого тыюу салынган техникалык мүчүлүштүктөрү бар транспорт каражатын башкаруу — 1 учур;

— техникалык каттоодон өтпөгөн — 4 учур;

— автоунааларына кошумча жабдык орнотуп алуу — 2 учур;

— каршы тилкеге чыгып айдоо — 1учур;

— каттоодон убактылуу токтотулган — 9 учур;

— жолдо жүрүү эрежелерин бузуу — 4 учур.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE