Пример HTML-страницы

Ош облусунда катталган селдин кесепеттери. Сүрөт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКара-Кулжа районунда сел кесепеттерин жоюу иштери аткарылууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 20-апрелде саат 20:30 чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн.

Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымын сел калдыктарынан тазалоо үчүн №26 ЖТИден 1 грейдер жана айыл өкмөтүнөн жүктөгүч тартылган, учурда унаа жол бир тараптуу ачык;

Кара-Кочкор айыл аймагынын Ак-Кыя айылында 12 турак үйдүн жертөлөсүнө сел суулары кирген;

Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылында 20 турак үйдүн короолорун сел каптап, анын ичинен 5 турак үйдүн ичине сел суулары кирген.

Бүгүн 2 айылда селдин кесепеттерин жоюу иштерине КР ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, ӨКМден 3 кызматкер, Кара-Кулжа райондук ӨКБдан 11 куткаруучу, мотопомпа, №26 ЖТИден жүктөгүч, жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик тартылган.

Алай районунда дагы сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Маалым болгондой, кечээ, 20-апрелде саат 17:45 чамасында жааган мөндүрдүн кесепетинен Ош облусунун Алай районунун Тилектеш айыл айылмагынын Тогуз-Булак айылында 5 кокту-колоттон сел жүрүп, 34 турак үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен 5 турак үйдүн жана мектептин жертөлөсүнө сел суусу кирген.

Мындан сырткары, ички чарбалык унаа жолдун 5 жерин сел каптаган. Учурда жол каттамы ачык. Ал эми сел түшкөн коктулардагы ички көчөлөр жабык.

Бүгүн селдин кесепеттерин жоюу иштерине Алай райондук ӨКБдан 15 куткаруучу, ӨКМЖБД 3 кызматкер, райондук жарандык коргонуу кызматтарынан 50 кызматкер, айыл өкмөтүнөн 10 кызматкер, 2 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 20 жаран, суу чарба кызматынан самосвал тартылган.

2024-жылдын 20-апрелде катталган селдин кесепетинен Жаңы-Арык—Кызыл-Суу ички чарбалык унаа жолунун 19-чакырымы сел сууларынан жабыркап, жол каттамы убактылуу жабылган.

Ошондой эле, Алп-Ордо айылында 8 турак үйдүн короолоруна кирген сел суулары жерге сиңип кеткен.

Бүгүн аталган унаа жолун калыбына келтирүү үчүн №45 ЖТИден экскаватор, самосвал, манипулятор жана айыл өкмөттөн 2 жүктөгүч тартылып, саат 10:30да жол каттамы бир тараптуу ачылган.

Мындан сырткары, жерине КР ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE