Пример HTML-страницы

Баткенде чек арада каза болгон жоокерлер эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-апрелде Баткен шаарында чек арада курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жоокерлердин элесине арналып тургузулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, Куран окулду.

Баткендин Бужум айылынын тургуну Хабиба Абдырахманова 2021-жылдын 29-апрелиндеги чек арадагы окуяларда уулу Мурзабек Абдырахмановдон ажыраган. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяда баатырларча курман болгон.

«Балам көз алдымда жөнөгөн балам. Жанымда алып калсам болмок. Мындай болуп кетишин эч ойлобоптурмун. Буга чейин да Ак-Сайда уруш чыкса жөнөп калчу. Унаасы менен «ак-сайлыктарды ташып келдик» деп калчу. Катардагы чыр-чатак деп ойлодук. Бирок атасы «аларды жолдо милиция өткөрбөйт» десе көңүлүбүз ток олтурдук эле. Телефон чалсак албайт. Кечки 17:00го чейин жооп бербей жаткан. Кийин телефон номери өчүп калды. Түнү менен уктай албадык. «Ак-Сайдан бир топ балдар келишти» десе издеп бардык. Бирок баламды таппадым. Баары үстү-башы чаң, жарадар балдар келишти. Эртеси ооруканага чакырышты. Жаракат алган окшойт деген ой менен баргам. Бирок анын каза болгонун баары билишиптир, мага айтпай жатышкан экен. Баламдан айрылып калдым.

Ал болгону 30 жашта эле. Артынан уулу калды. Азыр 4 жашта. Эч бир баланы энеден ажыратпасын. Баланы жоготуу жүрөккө туз куйгандай. 3 жыл өтүп кетти, дагы деле балам кирип келчүдөй күтөм. 2 уулумдун кичинесинен ажырап, жолдошум менен калдык. Чек ара эртерээк такталып, заманыбыз тыч болсун. Дагы көз жаш төгүлбөсүн», — деди ал.

Чек ара окуяларында курман болгондордун ата-энелери, жакындары тарабынан бышырылган сүмөлөк ачылып, жалпы катышуучулар тынчтык тилеп, сүмөлөктөн даам татышты. Баатырлардын жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча мелдеш башталды.

  • 2021-жылы апрель айындагы куралдуу кагылышууда ондогон 35 адам каза болуп, жалпы 183 адам жаракат алган. Жаракат алган 183 адамдын арасында 31 аскер кызматкери, 1 медицина кызматкери, жергиликтүү жашоочулардан 131 адам бар экени айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE