Пример HTML-страницы

Ошто Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого келгендер аз болууда

Акыркы жанылыктар

TurmushОшто шайлоочулар өткөн шайлоолорго караганда аз келүүдө. Бул тууралуу БШКнын Оштогу өкүлү Дыйканбай Даминов билдирди.

Анын айтымында, №5901 шайлоо тилкесинде саат 8:50гө карата 8 адам добуш берген.

«Бүгүн өлкө боюнча 3 жерде шайлоо башталды. №5901 шайлоо тилкесинде 2247 шайлоочу бар. Азыркы учурда 8 шайлоочу келди. Өткөн шайлоолорго салыштырмалуу шайлоочулардын саны азы болууда. Бардык шайлоочуларды кечки саат 20:00го чейин добуш берүүгө чакырам«», — дейт Даминов.

Ал эми айыл чарба институтунда жайгашкан №5278 шайлоо тилкесинде саат 09:11ге карата 41 шайлоочу добуш берди.

«Кечээ 3 шайлоочу добуш берди. Жалпысынан шайлоо участогунда 2879 шайлоочу катталган», — деп билдирди шайлоо комиссиясынын төрайымы Наргиза Абдраимова.

Бүгүн эки шайлоо округунда — Ош жана Кара-Сууда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ош районунда 125 миң 469 шайлоочу, Кара-Суу районунда 112 миң 107 шайлоочу бар.

Шайлоо Ош шаарындагы 55 шайлоо участкасында, ошондой эле Ош облусу боюнча 62 шайлоо участкасында өтүүдө.

2021-жылы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына Ош округунан Айбек Осмонов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов келген. Алар мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырышты. Эгерде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутат өз ыктыяры менен мандатын тапшырса, анда шайлоо өтөт. Бул тууралуу шайлоо мыйзамында айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE