Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда экстремисттик материалдарды тараткан шектүүлөр кармалды, арасында мурунку депутат бар

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда диний-экстремисттик агымды колдогон жарандар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында социалдык тармактардын биринде Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик материалдарды сактап, таратып жүргөн жарандар боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Бул маалыматтар 2024-жылдын апрель айынын экинчи жарымында Жалал-Абад ШИИБдин жана Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургундары — 1988-жылы туулган М.И. жана 1993-жылы туулган Х.К. кармалды. Ошондой эле мурда бир нече жолу жергиликтүү кеӊештин депутаты болгон 64 жаштагы И.М. да кылмышка шектелип кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынып, экспертизалар дайындалды.

Жүргүзүлгөн экспертизасынын корутундусуна ылайык, алынган далилдер Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Ишим-Ирак», «Шам-Ислам Мамлекети» (ИГИЛ), «Хизб-ут-Тахрир-Аль-Ислами» экстремисттик жана террористик уюмуна тиешелүү материалдар экендиги аныкталган.

Учурда шектүүлөр тергөөгө камсыздалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE