Пример HTML-страницы

Чүйдүн Панфилов районунда жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы аныкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Панфилов районунда «Жылдын мыкты мугалими — 2024» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы — 2024» сынактары жыйынтыкталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, анда жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы аныкталып, 3 адамга Өзбекстанга эс алууга жолдомо берилди.

Райондук «Жыл мугалими — 2024» сынагына 25 талапкер катышты. Алар жобонун негизинде педагогикалык кредо, онлайн сабактын фрагменти, мастер-класс, ачык сабактар боюнча билим, тажрыйба күчүн сынашты.

Калыстар тобунун чечими менен эң көп упай топтогон К.Ибраималиев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Заида Уметалиева, К.Жумагулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин тарых мугалими Назира Абдыжапарова, Ж.Болотбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурзат Өмүрзакова жана М.Тилекеев атындагы Панфилов жалпы билим берүү орто мектебинин чет тили мугалими Мехриноз Пиранова жылдын мыкты мугалими аталышып, облустук турга жолдомо алышты.

Ал эми «Жылдын мыкты тарбиячысы — 2024» сынагында 8 тарбиячы ат салышты. Алар өзүн-өзү тааныштыруу презентациясы, педагогикалык, психологиялык жана компьютердик тестирлөө жана ачык сабактар боюнча сыноодон өтүштү. Натыйжада төмөнкү тарбиячылар олжолуу орундарга ээ болушту.

— 1-орун — «Куш канат» бала бакчасынын тарбиячысы Жылдыз Бейшенбекова;

— 2-орун — «Балачак» бала бакчасынын тарбиячысы Светлана Изюмова;

— 3-орун — «Алты бакан» бала бакчасынын тарбиячысы Айжан Асанкулова.

Алдыңкы орунду ээлеген «Куш канат» балдар бакчасынын тарбиячысы Жылдыз Бейшенкулова облустук турга катышуу укугуна ээ болду.

Сынактын катышуучуларына ар түрдүү номинациядагы диплом, ардак грамота жана кызыктыруучу белектер тапшырылды. Муну менен катар 3 мугалимге Өзбекстанга эс алууга жолдомо берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE