Пример HTML-страницы

ЖЕТИМДЕР 23 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=7259&preview=true Кызыктуу окуялар.

?ЖЕТИМДЕР

23- БӨЛҮМ

Аялдын көрсөтүүсү боюнча Зайнидиндин сөөгү Ак-Жардан табылды. Сотмедэксперттин чыгарган корутундусуна караганда анын айткандарынын баары далилдүү болуп чыкты. Тергөөчүнүн столунда экинчи күбө катары деп эсептелген адамдын канына боёлгон брезентшалча жатты .Күнөөлүү Саматтын үстүнөн топтолгон материалдар көктөлгөн делого кошумча документ болуп «Социализм» колхозунун башкармасы менен кампачысынын колу коюлуп, мөөрү басылган
справка тиркелди. Анда «Заготзернодон» колхоз убактылуу он даана брезент-шалча алгандыгы көрсөтүлгөн. Башка колхоздордуку менен
алмашып кетпес үчүн бардыгынын четтерине «С» деген тамгалар кара боёктор менен даана жазылган. Мамлекетке төгүлгөн кызылдар
машинанын ачыктарынан чубуруп калбас үчүн Саматка бирөө берилип, ведомостко кол койгондугу айтылган. Кийин Самат брезент-шалчаны уурдатып жибердим деген шылтоо менен экинчи жолу кол коюп, дагы бир шалча алып кеткендиги справкага жазылган болучу.
Тергөө жүрүп жатты.
— Зайнидин менен кандай чыр-чатагыңар бар эле? — тергөөчүнүн үнү сүрдүү чыкты.
Жаак эттери шимилип, көздөрү ичине кирген Самат селт этти.
Бакалоору бүлкүлдөп, деми буулуп, буттары жансыз боло түштү.
— Тергөөчү буйра сүйлөдү.
— Туруңуз ордуңуздан?
Күнөкөрдүн эриндери бири-бирине эп келишпей, өзүнөн өзү кыймылдап кетти.
— Суроого жооп бериңиз?
Эмне деп сураганыңызды эстей албай жатам.
Тергөөчү суроосун кайталады. Самат мукактанды.
Аны менен эч кандай байланышым жок эле, жолдош тергөөчү.
Достук жайыңарчы?
Ырасын айтсам досум да, касым да эмес болучу. Көрүшкөн жерде саламдан башка бири-бирибизге карызыбыз жок эле.
Зайнидинди машина менен урдурганда балким мас болсон керек?
– Жок, жолдош тергөөчү, мен аны көргөн эмесмин.
Тергөөчүнүн көздөрү сүрдүү жалындады. Самат андан көзүн ала качты.
— Тебелеткениңизди танасызбы?
Тебелеткениңизди?! Жарабаган сөз, аны көрбөсөм кайдан жүрүп тебелетем.
Тергөөчү обочо столдо жаткан брезент-шалчаны узун жыгач сызгыч менен түртүп көрсөттү.
— Муну тааныйсыңбы?
Саматтын көздөрү коркконунан тунарып, кулагы чуулдады.
— Ал эмне?
Эмне экенин көрбөй турасыңбы? Зайнидиндин сөөгүн орогон таарың.
Жок, жок, мен мындай таарды көргөн эмесмин. Бул меники эмес. Меники машинада калган.
– Колхоздон канча брезент-шалча алдың эле?
–Бирди.
Ведомост боюнча экини “алган турбайсыңбы? Эмне үчүн калл айтасың?
— Экини?! А-а туура алгамын, Бирок, биринчисин уурдатып жибергенмин, жолдош тергөөчү.
— Мында Сарбанованы келтиргиле, — деди жигит артындагы эшикке кылчайып.
Саматтын өңү кан ичине тартып кумсарып турду. .
Акчыл жүзүн бузуп, кичинекей кырдач мурдунун үстүн онтолой тартып, эки бетинин отун көрсөтпөй кара сепкил баскан орто бойлуу, тотуккан келин бөлмөгө чалыштай басып кирди. Курсагы чердейип, чемирчеги кайкалап, ай күнүнө жетип калган Алыйканы көргөн көзүнө ишенбегендей, Самат оозун ачкан калыбында үнсүз турду. Ал
аялдын ичи чоңойгону көрө элек болучу. Иштин терс жагына айлангандыгын көргөн Саматтын денесин майда калтырак басты. Тергөөчүнүн кыраакы көзү аял менен Саматка алмак-салмак тигилди. А Самат болсо ойлонуп жатты. «Эх шерменде, ичи да чоңоюп аглан тура.
Акыры менин түбүмө жетүүчү сен экенсиң да». Күнөөлү жигит Алыйканы зааркануу менен теше тиктеди. Аял менен эркектин көздөрү
бири-бирин жыландай арбашып жатты.
Баятадан экөөнү байкап унчукпай олтурган тергөөчү Саматка кайрылды.
Бул аялды тааныйсынбы?
Жердеш катары билем.
Айтчы, жолдош Сарбанова. Зийнидинди ким өлтүрдү?
Келин Саматты карабай, башын жерге салып күңк этти.
— Са-мат!
Жалган? Эй жүзү кара шерменде качан өлтүрдүм эле? Мунун сөзүнө эч кандай ишенбеңиз, жолдош тергөөчү. Бул өзү бузулган
ыплас аял. Ич күйдүлүк менен жалаа жаап жатат.
Мойнуна алды деген Саматтын оозунан мындай сөздү укканда аял кыйкырып жибере жаздап барып токтоду. Ал тергөөчүгө айткан
мурдагы сөздөрүн танууга даяр турду. Бирок ал бардык иштин бетин ачып салгандыгын эстегенде жигиттин бетин кароодон айбыкты. Келиндин кулагына Саматтын айткан сөзү угулду. Анын өзү жөнүндө берген мүнөздөмөсү бүткөн боюн үркүтүп барып, кайра чыйралтты.
«Акмактын айтканын көр. Мен бузулган, ыплас аял болуп калыптырмын ээ буга. Мейли, өлмөктөн доңуз копсун… Қантейин, болору болуп, боёосу канды. Мен алданып мойнума алган экенмин. Эми танууга кантип болсун, сөөгүнө чейин сууруп чыккан мен болдум.- Аял Саматты ушинтип чайпалып карап туруп,
— эх, азыткы, киши
өлтүргүч» — деди жин кирип.
–Қандай ич күйдүлүк менен дейсиң? — Тергөөчү башын көтөрдү.
ичиндеги баласын мага дoгуруп…
Аял кызууланып Саматтын сөзүн бөлдү,
— Ит экенсиң, ээ Самат. Жылуу ордумду суутуп, шаарымды бузган сен эмес белең. Өңгөнү тансаң да баланы кантип танасың?
Эмне? Сеникин алаканым менен басып жүрдүм беле?
Ошентип караөзгөйлүккө салсам ишим жеңилдейт деп турасыңбы? Зайнидиндин каны узатпас.
— Бас жаагыңды. Башкалар менен жасаган кылмышыңды мага таңуулаба. Уктуңбу?! Сенин мага окшогон жолбун эрлерин толуп
жатат. Башка бирөөнүн отуна күйгүзүп жоготоюн деген экенсиң ээ.
– Тарт тилиңди. Қайда олтурганыңды билесиңби? — Тергөөчү
ордунан тура калды.
– Жолдош Сарбанова, Саматтын Зайнидинди өлтүргөнүн кандай далилдейсиз?
Менин көз карашымда ушул эркек сымал сөрей Зайнидин менен башынан эле жаман болуш керек. Анын атын укканда тишин кычыратып муштумун түйүүчү.
Жалган! — Самат кыйкырып, ордунан тура калды.
Тынчтаныңыз. Сизге сөз тийгенде ошондо сүйлөңүз. Тергөөчү кайра баштан Алыйкага кайрылды.
Эмне үчүн экенин билбейсизби?
Аял Саматка карап сүйлөдү.
Менин колуктумду бузуп, өзү алганы жүрөт деп айткан жок белең. Зайнидинди бузуку, материалчы, ичи тар киши деп айтчу
элең го, Мени соттоткон, милицияга каматкан ошол дебедиң беле.
— Ыйманыңды жебей сүйлө, Алыйка. — Самат кайра тура калды.
Тергөөчү столду муштады. Аял жигитти жаман көзү менен бир карап
алып сөзүн улантты.
— Бир күнү Жол-Арыкка таякемдикине барып келели деп калды.
Эч эчтеке оюмда жок мен муну менен кошо кеттим.
– Күндүзбү?
– Түш ооп, эрте бешим болуп калган.
– Анан.
– Анан мен жолдо бир таанышымдыкына түшүп калдым. Самат таякесиникине барып көптө келди. Зайнидиндин ушул жерде жүргөнүн айтып, сен ага көрүнбөгүн деп эскертти. Экөөбүз жөнүндө колхоздун башкармасына айткандай кебетеси бар. Сени алып алсам эмне кылышат экен. Эл алдында өзүңдү эч качан жер каратпаймын, — деди.
– Сиз ошого ишенип макул болдуңузбу?
– Маакул болдум. Антпеске да айла жок эле. Эмне үчүндүр ошол кезде Саматты жакшы көрүүчүмүн. Анын үстүнө элге билинип калган элек. Күйөөм келген күндө да баары бир үй-бүлө болбойбуз
деп ойлодум. Боюмда да бар болуп калды.
– Жол-Арыктан чыкканда кайсыл жолго түштүңөр?
–Шаарга кетүүчү чоң кара жол менен.
– Айта бериңиз андан аркысын. Мезгил кеч беле?
–Биз айылдан кеч чыктык. Жолду теңдеп калганыбызда алды жактан машинанын жарыгынан кимдир бирөөнүн карааны көрүндү.
Ал биз жакындай бергенде колун көтөрүп калды. Самат токтобой өтүп кетмек болду эле, мен болбой машинаны токтоттурдум. Қабинага чукул келген кишини карасам Зайнидин агай экен. Ал Саматтан
шаардагы үйүнө жеткирип коюуну сурады. Самат ага башка жакка барарын айтып түз жооп берген жок. Зайнидин кайталап сурап туруп
алды. Минип келаткан атын согуштан демобилизацияланып жарадар
болуп келаткан жоокерге түшүп бергенин айтты. Самат анын суроосуна, ыргылжың болуп туруп маакул болду. Бирок, азыр тигил орус
селосуна бара турган иши бар экенин билдирди. Күтсөң кайра келатканда ала кетейин деп убада беримиш болду. Менимче бул ойдо
жок жерден табылган Саматтын куру шылтоосу болучу. Анын мурда орус Жергезге бара турган жумушу жөнүндө уккан эмесмин. Бул
Зайнидинди албастын гана шылтоосу болучу. Биз Зайнидинден бир аз өтө берип, тоонун түбүн көздөй бурулдук. Самат ал жердин коён жатагына чейин билет көрүнөт. Селого кире бериштеги четки көчөнү бойлоп, бир аз жүрүп келип, үстү балык
жон кылып жабылган эски үйгө токтодук. Үй ээси бизди ала күү тосту. Көрсө булар самогон кайнатышат экен. Ары-бери караганча
Самат экөөбүздүн алдыбызга оозу тар, сырдаган кумарага куюлган сасык арак келтирилди…
Самат мас болгон абалында кайра рулга келип олтурду. Түн. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы «Мастын колдогону бар» деген сөз чын
окшойт. Арык-чөнөккө карабай урдуруп келе жатты. Мен Зайнидинди эмгиче араба-параба же машина чыгып калса кетип калгандыр деп
ойлодум. Ырас эле менин оюм туура чыкты. Ал ордунда жок экен.
Биз бир топ жүрүп келгенибизде машинанын фонариги алдыда жөө кетип бараткан адамдын сөлөкөтүнө чагылды. Зайнидин көп узай алган эмес экен. Ала кетели дедим мен. Самат мени бир карап алды.
Машина шалдырап катуу келе жаткан. Тигил жөө киши жолдон чыга берип кайрадан кол көтөргөндөй болду. Машина ага чукул калды.
«Акырындат» дедим Саматты каруудан кармап. Машина ойт берип кеткендей болду. Бир заматта алиги адамдын карааны эч кайдан көрүнбөй калды. Коркуп кеттим. Машина токтогондо кабинадан учуп түшүп артымды, көздөй чуркадым. Зайнидин чалкасынан жыгылыптыр. Ал жер тырмалап, кимдир бирөөнү сөгүп жатыптыр.
Самат каалгый басып менин артымдан келди. «Эх Самат! Мас болсоң керек ээ иттин баласы!» Зайнидин койчо онтоп жатты. Мен анын башын
жөлөп турдум. «Сен кайсы келинсиң?» деди мага кыйналган үн менен араң сүйлөп. Мен үндөгөнүм жок.
— «Қарылтын колуктусу эмессиңби?
Жаштыгың…» деп, дагы бирдеме деп айтайын деп баратып, кыймылдай берип катуу кыйкырып жиберди.
Зайнидиндин онтоосу уламдан улам күчөп, ооруган жерлери эми даана билинип, жанын көзүнө көрсөтүп жаткандай болду. А Самат
болсо жарадарды карап мыскыл күлүп, эки колун чөнтөгүнө салып табалап тургандай болуп көрүндү көзүме. А балким эртеңки күнкү жоопкерчилигин эстеп, эмне кылардын амалын ойлоп жаттыбы, билбейм. «Эмне карап турасың, тезирээк догдурга жеткирбейсиңби?»
деди Зайнидин эрдин кан чыгара тиштеп. — Эки бутумдун тең жиликтери кычырап жаткансыйт, сынса керек». Ал сөзүн үзүп-үзүп кыйналуу менен зорго сүйлөп жатты. «Ох жаным ай. Қандай кырсык болуп кетти а…»
Самат машинанын кабинасына кирди. Мени өзүнө чакырды. «Олтур» деди. Таң кала түштүм. «Зайнидинди таштап качканы турасынбы? деген сөзүмө: «Баары бир жооптуу да, соттуу да болдум. Сени да таанып калды. Ошон үчүн мен анын көзүн биротоло тазалайм деди.
Саматтын бул ырайымсыз сөзү Зайнидинге жетпесе экен деп корктум. Бирок, айтканына ишенгеним жок. Тек гана сүйлөгөн сөзү болсо
керек деп ойлодум. Самат машинадан кайра түштү. Көзүмө масы эчак тарап, таптаза боло түшкөндөй көрүндү. Колума баллондон жасалган
челекти берди. «Тээтигил жерде суу бар. Чуркап барып тезирээк сузуп келе кой. Зайнидинге суу жуткуруп алалы. Мен астына салып
жаткызгандай чөп жулуп келейин. Анан муну тезирээк догдурга жеткирели. Талаада өлүп калып балакетине калбайлы» деди кишисинип Самат.
Мен сүйүнгөнүмдөн, колума берген идишти алып жыгылып-туруп суу бар деген жакка чуркап бараттым. Бир топ жерге узай бергенимде машинанын мотору күрүлдөп иштей баштады. Эмне болуп жатканын билбей ээ боло калдым. Менин жаман оюмда «Самат качкан
жаткан экен» деп гана ойлодум. Артыма кайра жүгүрдүм. Кулагыма «Самат, айланайын, жан соога» деген Зайнидиндин аянычтуу үнү
угулду… «Өлтүрбө мени, бутум гана сынды. Жакшылыгыңды эч качан унутпайын. Эмне шумдук кылганы жатасың» деген үнгө удаалаш Саматтын ырайымсыз сөзү чыкты. «Көрбөй турасыңбы, эмне кыла турганымды. Акыры ажалың менден экен, келмеңди келтирип керээзиң болсо айтып кал». Зайнидин жанталашып, таза кишидей сүйлөдү..
Самат бул кезде эси эндиреп, эки колдоп башын мыкчый кармады. Ал мурункудай Алыйка менен жаакташып айтышпай калды. Тек гана мойиуна ысык сорпо төгүлгөн немедей кыймылсыз өлүк-салык болуп олтурду.
Чыканактай болгон жаш тергөөчүнүн кубакай жүзү кeр сары тартып, кашталуу жазы маңдайы жыйрылып турду. Тиштери кычырап,
жадыраган кой көздөрү ала чакмак болду. Қаны кайнап, каары бетине чыкты. Саматты көзүндө огу болсо атып жиберүүчүдөй бир карап
алды да «Эх мыкаачы, ошентип өлтүрүүгө кантип гана жүрөгүң даап, колуң барды экен жүзү кара».- Жигит жерге шарт түкүрүп, ордунан туруп бурулуп кетти. Саматтын арт жагында олтурган милициянын сержанты менен лейтенант демдерин ичине алып дымый түштү.
Күнөлүүлөрдүн скамейкасында шалдaйып олтурган Самат козголо берип чөнтөгүнө колун салды. Анан ал тамеки тартып алууга
тергөөчүдөн руксат сурады. Эби жок айрылган кагаздагы тамеки Саматтын калтыраган жансерек колунан чачылып кетип жатты. Балчайта оролгон махорка текши тутанбай, бир жак капталынан «түтөп күйө» баштады.
Бөлмөгө тергөөчү кирип келатканда Самат колундагы тамекинин калдыгын полго таштап, буту менен тебелеп өчүрдү.
Суроо дагы эле Сарбанованын адресине берилди. Алыйка сүйлөй баштады.
— Самат шашып калды, — деди аял. Машинанын үстүндөгү брезент-таарды алып түшүп, өлүктү орой баштады.
— Зайнидиндин жаны чыгыптырбы?
Жок, тирүү экен. Түшүнүксүз бирдемелерди сүйлөп жаткан окшоп үнү алсыз, эң эле акырын чыкты. Самат жерге кан тамбасын деп сактанды окшойт. Тим эле кийиз түргөнсүп, таарга томолотуп
жатып бир нече кат кылып ороду. Андан кийин машинанын кузовасын ачып, экөөлөп көтөрүп салдык.
— Силер минтип жатканда жолдон эч ким өткөн жокпу?
Өткөн жок. Эл аягы эчак басылып, түн ортосу ооп калган кез болучу.
– Анан?
– Анан алып келип көмдүк. Ал жердин кандайлыгын өзүңөр көрдүңөр го. Укмуштай жар экен. Жээке такай коюп туруп, үстүнөн
жарды көчүрүп жибердик.
Ал кезде Зайнидин өлгөн бекен?
— Тирүү болсо керек. Жан серек кыймылдап жүргөндөй сыяктанган. Адамдын жаны чыгыш оңой эмес окшойт.
Сиз эмне үчүн ушул убакка чейин мунун кылмыштуу иштерин жашырып келдиңиз?
Аял унчукпай калды. Ал күнөөсүн кандай жол менен жашыруунун амалын ойлоп жаткандай туюлду. Қолдору менен алмак-салмак
бешмантынын бүчүлүгүн тынымсыз кармалап, үйдүн дубалдарын кыркалата тиктеди. Анан көздөрү акырын жылып олтуруп Саматка келип токтоду.
Милициянын узатуусунда аял чыгып кетти.
Тергөөчү Султанбекованы чакырды.
Самат кызды көргөндө жинди болгон немедей титирей түшүп ордунан ыргып турду.
– Толкун! Сен да келдиңби?
Толкун Саматты зорго тааныды. Баякы агы ак, кызылы Кызыл болуп бетинен кан тамган Саматта кырып алар кызыл жок. Жыл бою
суу ичкен немедей мойну узарып, жаак эттери шылынып, мурду коңкоюп, көздөрү ары кирип алайып калыптыр. Толкундан көз албай дагы эле тикесинен туруп жалдырап карап
турган Саматты олтур дегендей тергөөчү карандашы менен столду тыкылдатты. А Толкун болсо катырган немедей Саматтан көзүн
албай мисирейип, үнсүз, карегинен от чыгарып турду. Таманынан өөдө карай дүрүлдөп жылып бараткан муздактыкты сезди. Ал уламдан
улам көөдөндү көздөй өрдөп олтуруп жүрөк тушуна келип токтогондой болду. Кыздын уйгу-туйгу болгон жүрөгү кагуусун токтотуп, тонуп бараткансып тыптынч боло түштү.
— Жолдош Султанбекова, Саматты тааныйсызбы?
Байкоосуздан берилген бул суроо кызды кулак түпкө ийне менен сайгандай туюлду. Эмне деп жооп береринин баш-аягын таппай
аптыкты. Тааныйм – деп айтамбы? Анан тергөөчү кайсы жагынан, кандайча тааныйсың десечи. Толкун өз башынан өткен, Саматтан көр-
гөн күндөрдү кайра баштан эстегиси да, аны уккусу да келген жок.
Олтургандардын көзү да, көңүлү да Толкундун өзүндө тургандай көрүндү. А тергөөчү болсо берген суроосунун жообун күтүп жаткансып кызды кадала тиктеди. Толкун бир топтон кийин башын акырын
көтөрдү. Каректери жылдыздай балбылдап тергөөчүнүн көзүнө чагылышты. Жигиттин жүрөгү опкоолжуй түшүп тез-тез урду. Қандайдыр өзүнө тааныш, көңүлүнө жакын кишисин ал экинчи жолу кезиктирип олтурат. Бул айдай болгон периштени мурда кайдан көрдүм эле? деп ойлоп жатты тергөөчү. Жигит оңдонуп олтурду. Қара терге
түшкөн Толкундун оозу бүлк этти.
— Тааныйм.
Тергөөчү кыздын сөзүнөн жыйынтык чыгарып жаткансып аркы-терки баса баштады. Кайра келип ордуна олтурду.
— А Зайнидинди тааныйсызбы?
Кантип тааныбайм. Тааныйм. Ал мени биринчи класстан баштап онунчу классты бүтүргөнгө чейин окуткан.
Толкундун көз жашы мөлтүлдөп турду. Қолдорунун манчаларын кайра-кайра кырсылдатып, айтайын деген сөздөрүнүн бирөө да оозуна келбей сүрдүктү.
Самат өзүн кандай жол менен ала качканын, анан ата-энеси менен Зайнидиндер келип кайра кантип алып кеткенин айтты.
– Түшүнүктүү. Айтыңызчы, Сиздин оюңуз боюнча Зайнидиндин өмүрүнө Саматтын кол салышы мүмкүн деп ойлойсузбу?
Актай албайм.
Қыз өз сөзүн айтып бүттү.

x x x

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE