Пример HTML-страницы

Turmush: Ош—Араван жол тилкеси кеңейтилүүдө

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Араван районунда жолдун Ош—Араван тилкеси кеңейтилүүдө.

Сөз Достук айыл аймагындагы Ош-3000 көчөсүн бойлой жолдун бөлүгү тууралуу болуп жатат. Узундугу 4 чакырым болгон тилкеде иштерди жүргүзүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 10 млн сом бөлүнгөн. Жол кеңейтилип, лоток, тротуарлар, түнкү жарык берүүчү чырактар орнотулат.

Учурда 800 метр тилкеде жол кеңейтилип, бетон лотоктор төшөлүүдө.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Калктын тиричилиги үчүн инфраструктураны жакшыртуу болуп жаткандыктан, ишти сапаттуу жүргүзүү маанилүү экенине көңүл бурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE