Пример HTML-страницы

Баткенде Жогорку Кеңешитин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 10 миң 447 жаран катышты

Акыркы жанылыктар

Turmush№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешитин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо уланууда.

Бүгүн, 28-апрель күнү саат 12:00гө карата шайлоочулардын 9,3 пайызы (10 миң 447 шайлоочу) добуш берди.

Учурда аймакта коомдук-саясий абал тынч.

ИИМдин министринин орун басары Нурбек Абдиев Баткен облусуна болгон иш сапарында коомдук тартипти көзөмөлдөөдө.

№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жалпысынан 81 шайлоо тилкесине 300дөн ашуун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Ал эми чек ара аймактарындагы шайлоо тилкелерине кошумча кызматкерлер бөлүнүп, коомдук тартипти камсыздоодо.

Нурлан Ражабалиев 2021-жылы парламенттин 7-чакырылышында Баткен районунан депутат болуп шайланган. Ал мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырды.

Эгерде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутат өз ыктыяры менен мандатын тапшырса, анда шайлоо дайындалат. Бул тууралуу шайлоо мыйзамында айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE