Пример HTML-страницы

Ош облустук милициясы ыкчам кеңешмеге чогулду. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун ички иштер башкармалыгы 2024-жылдын 1-чейрегинде аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Кечээ, 12-апрелде ыкчам кеңешме өттү. Жыйынга башкармалыктын башчысы, милициянын полковниги Нурланбек Бурканов төрагалык кылып, кызмат, бөлүм жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Кеңешмеде 2024-жылдын 1-чейрегинде аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн абалы жана иш-мерчем боюнча каралуусу белгиленген маселелер талкууга алынды. Анда кызмат, бөлүмдүн башчылары күн тартибиндеги маселелер боюнча баяндама жасап, жетекчилик тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. Жыйындын жүрүшүндө ар бир кызмат, бөлүмдүн аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери жана орун алган кемчиликтери белгиленди.

Башкармалыктын башчысы кызмат, бөлүмдүн башчыларына коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерин боди камералар менен камсыз кылуу, өздүк курамдын иштөө шартын жакшыртуу, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу, баңгизаттын оор түрлөрүн мыйзамсыз жүргүртүүдөн алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун, жаш өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштуулуктун алдын алуу, кызматкерлердин кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоосу, коррупциялык көрүнүштөгө жол бербөөсү, өздүк курамдын кесиптик даярдыгын жогорулатуусу жана жол коопсуздугун камсыз кылуу керектигин белгиледи.

Ошондой эле 2024-жылдын 28-апрелине белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого өнөктүгү учуруда коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылуу, коомдук саясий кырдаалды көзөмөл кылуу жана шайлоого байланышкан мыйзам бузуулар катталган учурда мыйзамдын талаптарына ылайык, ыкчам аракеттерди көрүп, сын-пикирлердин жаралуусуна жол бербөө тапшырмалары берилди.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын кызматкерлеринин алдына койгон 10 багыттан турган приоритеттүү тапшырмаларды жетекчиликке алуу тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE