Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы №5281 шайлоо тилкесинде техникалык мүчүлүштүктөр болду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы И.В.Панфилов атындагы №23 мектеп-гимназиясынын имаратында №5281 шайлоо тилкеси ачылды.

Шайлоо комиссиясынын төрайымы Курсанай Закирова билдиргендей, жабдуулардын иштөөсүндө мүчүлүштүктөр болуп, 5 мүнөттүн ичинде калыбына келтирилди.

Шайлоо тилкесинде 2401 шайлоочу катталган. Буга чейин 80 адам добуш берген.

Саат 09:50дө техниканын бузулушу боюнча акт түзүлдү.

Бүгүн эки шайлоо округунда — Ош жана Кара-Сууда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ош районунда 125 миң 469 шайлоочу, Кара-Суу районунда 112 миң 107 шайлоочу бар.

Шайлоо Ош шаарындагы 55 шайлоо участкасында, ошондой эле Ош облусу боюнча 62 шайлоо участкасында өтүүдө.

2021-жылы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына Ош округунан Айбек Осмонов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов келген. Алар мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырышты. Эгерде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутат өз ыктыяры менен мандатын тапшырса, анда шайлоо өтөт. Бул тууралуу шайлоо мыйзамында айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE