Пример HTML-страницы

Төрөгөндөн кийин курсактагы тактарды айыктыруу

https://kyrgyzcha.site/?p=55937&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Төрөгөндөн кийин курсактагы тактарды айыктыруу

 

Бул дүйнөгө урпак алып келүү — аялдын жашоосундагы эң керемет учурлардын бири. Бирок көпчүлүк аялдар кош бойлуу кезде курсагынын, буттарынын териси чоюлуп керек болсо жырылып да кетет. Теринин жырылып кетүүсүнө каршы көптөгөн ыкмалар менен кремдер колдонулуп келет. Сиз дагы үй шартында теринин жырылуусуна каршы кошулмаларды жасай аласыз.

 

Бул крем бир нече көйгөйлөрдү чече алат:

 

-теринин созулуп, жырылуусун азайтат,

 

-теринин түсүн өзгөртпөй,

 

-жырылган, озулган теридеги чуңкурларды азайтат,

 

-теринин чымырлыгын артырат,

 

-эмизген учурда да колдоно берсе болот,

 

-терини керектүү витаминдер менен камсыз кылат.

 

Керектүү азыктар:бир түтүк балдар креми (же болбосо башка дагы крем), мумия. Мумиянын таблетка түрүндөгү эмес, табигый түрүн колдонуңуз. Дарыканалардан табасыз.

 

 

 

1.2-4 грамм мумияны 1 чай кашык кайнаган сууда эритиңиз. Табигый, таза мумия тез эрийт.

 

2. Крем менен мумияны аралаштырасыз.

 

 

 

3. даяр болгон кошулманы түгөнгөн кремдин идишине салып коюңуз.

 

Даяр болгон аралашманы күнүнө бир жолу теринин чоюлган жерине сүйкөп, сиңип бүткөнчө сүртүп, массаж жасаңыз. Уктаар алдында сүйкөгөнгө болбойт. Эгер таасири тезирек байкалсын десеңиз, күнүнө бир нече ирет сүйкөңүз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE