Пример HTML-страницы

Түштүк кыз 2 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=9778&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туштук кызы.

2-болум

…Эриксизден көп нерселер эске түшөт.

Мен туулган жерде кыздар менен балдар айлуу түндө аралашып ойношуп, көңүл ачып ырдашпайт, же ээн-эркин эки-экиден колтукташып, киного барышпайт… Ал турмак, кыз менен жигиттин күндүзү эле азилдешип турганын, көчөдө бирге сүйлөшүп келатканын бирөө-жарым көрүп калса: «Паланча акенин кызы чак түштө тиги менен тартынбайалым сабак айтышып турганын өз көзүм менен көрдүм! Ой тооба! Бул кыздын бети курусун, кимге тийсе да жарытпайт! Адамдан такыр ийменип койбойт» деген ушак сасык тумандай айылды аралайт. Мындай ушактын аягы жеңил болот эмеспи. Тез эле бул кеп кыздын ата-энесине тууган-уругуна угулат.

Бойго жеткен кызынын «элден» суурулуп чыгып, уят-сыйыттан ажыраганына ариеттенген эне: «Сенин тушуңда биз баш көтөрүп жүрө алабызбы, же чүмкөнүп үйдөн чыкпай калалыбы?» — деп, «адепсиз» кызынын жумшак сандарынан аткып-аткып алганда, айыпсыз көз жаштар мончоктоп жерге тамат.

Кайран жазыксыз көз жаштар кайда тамбады, кайда калбады.

Чучукту какшаткан чымчуурдан кийин жаштыкка мас сулуу кыз да, ашык жарды көргөндө, дагы бирөө байкап калбагай эле деп, кооптонуп, өзүн оолак кармайт.

Бирок, сасык айың канчалык тарабасын, каардуу апа канчалык азапка салбасын, жаштыктын жалындуу илеби, ашыктыктын ысык оту жүрөктө өчмөк беле?..

Кыз- бала сезгич келет, турмуштун аркы-беркисин тез баамдайт деп, карылар туура айтышат. Эгерде эркек балдар да биздин шартыбызда чоңоюшса, мага ишенип коюңуңдар, алар да бул жагынан калышмак эмес. Кантесиң, алардын эркек деген касиеттүү аты бар турбайбы! Ата-энелерибиз: «Эркектен эшек үркөбү?»- деп коюшат.

Бул эмне деген кеп?

Мейли, эркектер кандай жаман жорук кылбасын, аларга кечиримдүү, анткени- эркек! Ал эми аялдар, силер аларга теңелбегиле деген үгүт.

Эсимде. Анда мен тогуз жаштамын. Оюн дегенде бетимен түшө калган жан элем. .. Бир жолу, кечке жуук коңуналарыбыздын өзүм теңдүү балдары менее жашынмак ойноп, күндүн кантип батканын да сезбей калыпмын… Эч ким таба албасын деп, чуңкур арыктын ичинде Шарип деген бала экөөбүз демибизди чыгарбай бекинип жатканбыз..

-Гүлайым!- деген апамын үнү үйүбүз жактан угулду. Шарип унчукпа дегендей баш ийкеди. Мен макул болдум. Анткени, мындан мурда биз да, аларды табы албай, аябай убараланганбыз. Алардан өчүбүздү алалы деп оңойлук менен табалбач жерде жаиканбыз. Кычагандай, апамдын издеп калганын карачы! Апам Гүлайымды көрдүңөрбү деп, сурап калды эле, тиги орсойгон Кадыр озунуп:

-Карамат эже, биз дагы издеп жүрөбүз! Шарип экөө бирге бекинген эле, жарым сааттан бери таппайбыз. Карабаган жерибиз калбады. Экөө кайда жоголуп кетишкен?- деп каратып туруп жамандады.

Мен Кадырды аябай жаман көрөм. Анткени, ал дайым бейжай сөздөр менен кыздарды тилдейт, көз көрүнө калп айтат. Оюн башталаарда, ал экөөбүз бир жак бололу дегенде, мен «Итим да сени менен бекмнбейт» деп, өлгүдөй уят кылганмын.ошого өчөшүп апама сүйүнчүлөп жатпайбы. Тура калып, эмне калп айтасың дегим келди эле, Шарип:»Унчукпа, убараланып издешсин, анын жазасын өзүм берем»,- деп шыбырады.

-О-о Гүлайым, бери чык!- Апамдын каардуу добушунун жаңырыгы тэ алыстан кайталанды. Ырас, апамдан коркуп турсам да, Шарипке билдирбеске аракеттенип, тымпыям. Шарип экөөбүз коон уурдап жашырынган балдардай, бири-бирибизге жалдырап карайбыз. Дүрсүлдөп соккрн жүрөктөрүбүздүн дабыш даана угулат. Өзүбүздү ушунчалык машакатка салып, бизге не зарылчылык келди экен. Балалык да.

-Карамат эже ушу тарапка бекингенин көзүмдүн кыйыгы менен көргөнмүн.-деген Кадырдын божураган үнү угулат. Улам бизге жакындап келатат. Биз кыбыр этпей, жер кучактап, унчукпайбыз. .. Алар жакындап келатышат. Апамдын ак жоолугу, ачуулуу иреңи көрүндү. Айлабыз түгөнгөндө өзүбүз озунүп:

-Биз мындабыз! -деп Шарип экөөбүз тең жарыша турдүк…

-Жашасын, таптык!-деп, Кадыр жер тепкиледи. Апам алдыга бир кадам басып, Шарипти жаман көзү менен акырая карап, анан мага:

-Жатакалгыр, беймаалда мында эмне жатасың? Кыйкырып жатып үнүм бүттү, эмне унчукпайсың а?

Эмне деп айтмак элем, айфп өзүмдө, башты төмөн салып, унчукпай гана туруу керек.

-Эсне тултуясың?-деп, апам кайталап сураганда, Шарип:

-Айыптуу мен, унчукпа дегем, мени уруңуз… Апам ага атырылды.

-Эй бала, долулугуңду энеңе кыл. Кандай бейбаш өскөн баласың, ары тур,-деп, апам бир салды. Буга Кадыр табалап, четте карап турат. Канчалык сураса да, унчукпасымды апам түшүндү окшойт, колун шилтеп,-жүр,-деди.

Зырылдап коркуп ээрчип баратам. Коргонго кирдик. Апам чоң дарбазаны жаап, мага айбаттанып басканда:

-Апажан, урба!- деп жалынып-жалбарып мойнуна асылдым. Бирок, бекер эле коркупмун. Апам урмак тургай, алдына отургузуп:

-Айтчы кызым, ким менен ойноп жатасың?- деп кадимкисиндей мээримдүү сурады.

-Балдар менен,-дедим оюмда кыпындай кирим жок.

-А сен кимсиң?-деди апам күтүлбөгөн жерден…

Мен таң калып, апама аңырайып карадым. Ой, тобоо, апам эмне деп жатат? Бул чын кебиби же тамашасыбы? Менин ким экендигимди апам кантип эле билбесин? Жок, апам мени эркелетип жатат.

-Гүкүшмүн,-дедим да, заматта апамдын оюн түшүнгөндөй: -Сиздин кызыңызмын, -апамын мойнуна асылдым. Таң каларлык нерсе, апамдын кардуу түрү өзгөргөн жок… Оор дем алып, бети кумсарып, сурданып карайт.

-Гүкүш экениңди, менин кызым экениңди баары билишет… Анан апам оор үшкүрүп, каргылданган үнүн пастатып:-Сен жаман кыз экениңди билесиңби? Беш-алты жылдан кийин бирөөнүн бүлөөсү болосуң, билесиңби? Качанга чейин атаңдын үйүндө..

Апам дагы бир нерселерди айтууга камынды эле, колум менен оозун баса калдым:

-Апажан, антпе, мен эч качан бул үйдөн кетпейм,-деп, тыбырчылап ыйладым… Анан кантип ыйлабайсың! Ата-энеңдин жылуу үйүнөн чоочун бирөөгө кантип, сагалап бүлө болосуң? Жок, менин баргым келбейт. Негедир өксүп-өксүп ыйладым… Апам ушунчалык таш боор беле? Же менден кутула албай жүпгөн окшойт. Анда мени төрөбөй эле койбойбу? Ой, апажан, эч болбосо, саамай чачыман сылап, кадимкидей мээримиңди төгүп, мынчалык Гүкүшүңдүн көңүлүн оорутпай:» Кызым калп айтам, эркелеттим, эч жаккс кетпейсиң, өмүр бою ушул чоң коргондо жашайсың» -деп койбойбу.

Апам антпейт, оор дем алат да, таштан бетер мисиреет, унчукпайт.

Жок, мен жаңылыпмын. .. Мынаке, апам мени бооруна бекем кысты, маңдайымдан жыттады. Азыр, азыр эркелетет, сооротот, ошентип кучакташабыз. .. Таарынычым жазылат. Эртеге дагы экиге бөлүнүп, бекинмечек ойнойбуз. Карап тур, Шарип экөөбүз дагы эч ким таппас жерге бекинип, аябай убара кылалы. Карап тур, шүмшүк Кадырды оюнуюузга кошпой, ичин күйгүзөлү.

Тигине тоо кырынан кыялап ай да чыгып калыптыр. Миң-миң жылдыздар бизди карап жымыңдашат. .. Ушундай айлуу түндө бекинмесек ойногон кандай жаашы! Кап, кызуу оюнубузду апам бузду да.

Бирок, апам неге унчукпайт, неге эркелетпейт.

-Айланайын, Гүкүш, эстүү бол… Атасынын төрүндө карыган кыз болбойт. Илгертен бери кыз баланын насип-тагдыры ушундай. Апаң да бирөөнүн арзылап өстүргөн сага окшош кызы болгон. Ошондо апаң он алтыдагы секелек эле. Атаң колхоздо бригат эле… Үй-тиричиликти зымылдай кармап оокат кылдым. Кайын эненин да заардуу сөзүн уктум, баарына чыдадым, акыры жеңдим. Отурган, үндөбөгөн орун табат кызым. Атаң урушка кеткенде чен алты айлык боюмда кплдың. Ошондо эч кимгеизарыкпай, жүгүмдү артпай, аял башым менен оокат кылдым. Ырысыбыз бар экен, атаң эсен кайтып келди. Үй ичинин тозбогонун көрүп, атаң апаңа аябай ыраазы болгон. Апаң ушинтип эл оозуна кирип, Карамат атка конгон. Кызым, сен дагы бармактайыңдан зымдай бол. Обу жок арсаңдап күлбө, эркек балдар менен жарышып жүгүрбө. Кыз балага ээрчиген ушак-айың кеп болот. Каттуу басса таскак дейт, акырын басса аксак дейт. Көп сүйлөсө тантык дейт, унчукпаса тултук дейт. Уктуңбу, кыз баланын тагдыры ушундай. Мен Гүкүшүм жакшы болсо дейм, өз теңинен озуп, абийирдүү атка консо дейм… Мындан ары балдар менен ойногонуңду көрбөйүн, уят… Калмурзанын чоң эле кызы караңгыда балдар менен алышып ойноп жүрөт деп, эл кеп кылса, апаңа сөз тиет. «Энесин көрүп кызын ал», деген макал бар, уктуңбу, кызым.

-Уктум, күндүзү ойносом болобу?

-Күндүзү да ойнобо!

-Жаныбызда өзүм теңдүү кыздар жок, анан ким менен ойнойм.

-Эч ким менен ойнобо. Мектепте ойногонуң жетет. Тогузга чыктың, көп эрке талтаң болбо. Илгери он жашында кыздарды күйөөгө берген. А сен… Андан көрө окууңдан келгенден кийин кечте сайганды үйрөн. Болуптурбу?

-Болуптур,-дегенмин аргасыздан.

Балапан жүрөгүм тызылдап, туз баскандай ачышты. Дүйнөдөгү эң бир кымбат нерсемден айрылгансыдым. ..

Эмне үчүн мен кыз болуп жаралдым экен? Эмне үчүн кыз бирөөнүн үйүнө бүлөө болуп барат? Барбай койсо эмне болот? Кыз эмес, күйөөсү (оозум зорго барды) кыздын атасынын үйүнө келсе эмне болот? Деги ата-эненин үйүнөниайрылып жүргүчө, күйөөгө тийбей косо болбойбу?

Жок, мени канчалык кыстаса да, күйөөгө тийбейм. Чачым агарып, карыганча ата-энемдинмүйүнөн бир карыш эч жакка жылбайм-деп, муштумумду бекем түйүп, өзүмө-өзүм ант бергенмин…

Моюнга алам, ырас, аным балалык экен! Турмуш түшкүр өзү эле мажбур кылат окшойт. Кыз бойго жеткен сайын, ата-энесинен өзүн артык баш сезе баштайт экен… Эмне үчүн мындай?

Тогуз, он жаш-көчө чаңытып ойноп гана жүрө турган чагың, а бирок, көрдүңүздөр го, менин ошол курагымда кандай коркунучтуу ойлор балапан жүрөгүмдү өйкөгөн, тынч уйкумду алган.

Бул оңой беккн? Эне сүтүң оозуңан кете элек, ээн үйдө жалгыз отуруудан элеңдеп корккон кезиң, а бирок, эмне деген түйшүктөр кыз баланын башына түшөт.

Ошкнтип, мен тогуз жашымда балалык учурумдун эң кызыктуу ойнунан ажырагам. Ырас, кийинчерээк да, кызыгып кетип, апама көрсөтпөй аралаша түшүп, ойноп жүрдүм. Апамдын эки көзү менде. Көрбөй калмак беле. Бир жолу аябай май токоч берип «сыйлагандан» кийин, такыр даай албай калдым. Балдардын ойноп жүргөнүн көргөндө эски адатым кармап, жүрөгүм талпынчу, а бирок. Калп айткан менен болобу, баары көнүштөн экен… Кечте сайганды апамдан үйпөнүп алгандан кийин, такыр ойногум келбей калды. Мектептен келсем, үй жыйыштырам, бош учурумда кечте саям. Азыр, өз колум менен жасаган буюмдарым бир чандык. Кол машинаны зырылдатып тигем. Айылыбыздын чеберимин. Ал турмак, жаңы формадагы кийимдерди да нускасын келтирип тиге баштадым.

Ботом, дагы мактанып кеткен турбаймбы. Олдо менин мактанчаак жаным ай!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE