Пример HTML-страницы

Оштон 19 жаштагы кызды «Мерседес» менен алып кетип бара жаткан жигиттер Кара-Кулжадан кармалды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 11-апрель күнү Ош шаарынан кыз ала качууга шектелген жигиттер Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынан кармалды. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция бүгүн саат 16:30 чамасында Ош шаарынын тургуну А. аттуу кызды «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаага салып ала качып кетишкени кабарланган. Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө Кара-Кулжа райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн башчысы Айбек Осеков тарабынан Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылындагы чоң жолдо автоунаа токтотулуп, ала качып кетти делген 2005-жылы туулган А.А. аттуу кыз жана ала качууга шектелген Кара-Кулжа районунун 2002-жылы туулган тургуну А.Б., унаанын айдоочусу, Ош шаарынын 1999-жылы туулган тургуну М. уулу Д. кармалды.

Кармалгандар тергөө кызматына өткөрүлүп, унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE