Пример HTML-страницы

Испаниядан балыктын уругун сатып алган Азамат Уркубашов көлмөдө жилингир багып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу А.Сүйөркулов айыл аймагынын 38 жаштагы тургуну Азамат Уркубашов балык чарбачылыгын түптөдү. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде 3-4 жылдан бери чарбага өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып берди.

Азамат Уркубашов суу жээгинде пайдалануусуз жаткан жерди көлмөлөргө ылайыктап алган. Жилингир (форель) балыгын багып, икрадан личинкаларын чыгарып, аны граммга чейин жеткирүү көп мээнетти талап кылат. Граммга жеткенге чейин көп өлүп, 5 граммдан кийин гана жакшы чоноюп баштайт. Бирине эле оору тийсе, көпчүлүгү кошо ооруйт. Балык багуу өтө кылдаттыкты, көңүл бурууну талап кыларын айтат.

«Алгач мен да Кара-Балтадан граммдаган балык сатып алып баштагам. Балыктын салмагы 3-4 килограммга чейин жетти. Быйыл Испаниядан икра алдырдык. 100 миң икраны кошунанын атайын цехинен, 100 миңин өзүбүздүн балык өндүрүүчү цехтен чыгарттык. Азыр сууда жүргөн балыктар 2 айлык болуп калышты. Балык граммга жеткенге чейин өзгөчө кароого туура келет жана өзүнүн атайын адистештирилген идиштерде кармайсың. Граммга жетип калганда көлмөгө салынат. Жемге кирип калганда ар үч саат сайын жемин берип баштайсың. Жаңыдан жемге киргендерге 0,1, 0,2 сыяктуу өлчөмдөгү азыктар берилип баштайт. Чоңойгонуна жараша жемин алмаштыра беребиз. Алгач ар 2 саатта жем чачып турсак, чоңойгон сайын сааты узара баштайт. 4 саатта, анан бир күндө 2 маал жем берүүгө өтөсүң.

Балык чоңойгуча жемдин жалпы 20 түрүн бересиң. Азыктандырууда жемдин сапаты маанилүү. Өзүбүздүн өндүрүштү колдойлу деп өзүбүздөн чыккан жемди бердик, бир аз жакшы эместей. Кайрадан эле чет өлкөдөн келген азыктарды колдонууга туура келип жатат. Биздеги жем менен 50 грамм салмак кошо турган болсо, сырттан келген биз колдонуп жаткан жем менен 150 грамм кошот. Ошол сыяктуу айырмачылыктары да бар», — дейт ал.

Азамат Уркубашовдун чарбасында 7 көлмө бар. Ал эми багылып жаткан балыктар граммга жетип калса, каалоочулар үчүн сата баштайт. Граммына жараша дааналап эсептелет.

«Бизде да граммдап балык алгандар бир топ эле. Биз икрадан чыгартып, граммга жеткенге чейин өндүрүп сатууга кызыгып жатабыз. Айрымдар балыкты сууга салып койсоң эле чоңоё берет деп ойлошот. Балык багуу сабырдуулукту, эринбей иштөөнү өзгөчө талап кылат. Эл ойлогондой сууга салып койсо эле жетилип калбайт. Миңдегени граммга жеткенге чейин да өлүп калат, тобокелдикке барышың керек. 5 граммдан өтүп калганда анан өлүмү азаят. Кокус бир балыкка оору тийсе, баары оорушат, өтө назик болушат. Ошондуктан өзгөчө кылдаттык менен кароого туура келет», — деди ал.

Ал көлмөгө 15-20 миң тегерегиндеги балыкты алып калат. Балыктар 500 граммдан жогору болгондон тарта сата баштайт. Ал эми көлмөгө кышкысын булактын, жайкысын мөңгүнүн суусу куюлат.

«Эттин сапаты суудан да көз каранды болот. Биздин суубуз таза болгону үчүн да алармандар арбын, нааразы болгондор жок», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE