Пример HTML-страницы

Баткенде 1 жумада 16 мас айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде 1 жумада 16 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, 8-апрелден 14-апрелге чейинки аралыкта жол эрежелери бузулган 987 факты аныкталды.

— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 7 айдоочу;

— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 16 айдоочу;

— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 122 айдоочу;

— мыйзамсыз терезелерин караңгылатып алган (тонировка) — 2 айдоочу;

— башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 840 айдоочу.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 63 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE