Пример HTML-страницы

КОШТОШУУ

https://kyrgyzcha.site/?p=53083&preview=true Кызыктуу окуялар.

КОШТОШУУ

 

 

Аял бүгүн да уктай албай жатты. Түндүн мынчалык узун болорун билбептир. Санап көрсө, бүгүн мындай уйкусуз түндүн онунчусу экен. Уктатуучу дарынын күчү менен суткасына болгону 1-2 саат уктайт да, калган учурда канчалык аракет кылса да такыр уйкусу келбейт. Жарыкчылыктын ушунчалык кымбат экенин тээ дил тереңинен сезип жүрөгүнүн түпкүрүндөгү бир жери ооруп кетти. Бул жер жүрөгүнүн аябай эле түпкүрүндө жайгашкандай сезилет, анткени бул жери абдан кайгырганда гана ооруйт да, сыздаганы көптө барып басылат. Биринчи жолу өзүнүн оорусу тууралуу уккан күнү ушинтип ооруган. Аял ошол күндү эстеди. Демейде бул күндү эстегенде каргашалуу күн дечү, азыр анткиси да келген жок, тек гана Кудайдын бир күнү катары эстеди.

 

Апизанын какырык кетпей жөтөлгөнү бара-бара күчөй берди. Кийинчерээк ага алсыраганы кошулду. Ошондо гана жата бергенден пайда жок экенин түшүнүп борборго ооруканага көрүнгөнү келди. Борбордо жашаган сиңдиси:

 

– Эжеке, мынча арыктагансыз? – деди эжесин көрөрү менен сулуу көздөрүн көлөкө басып.

 

– Качан эле толуп жүрдүм эле, – деди Апиза муңайым.

 

– Мынчалык эмес болчусуз, эртең эле доктурга баралы, — деди чын дилден. Анан эртеси таң атпай доктурдан-доктурга сүйрөдү. Улам бир доктурга барышса башкасына жөнөтөт. Акыры Онкологиялык оорулар бейтапканасында көпкө кармалышты. Анализдери чыккан күнү сиңдисинин сулуу көздөрү муңайып калганын, ал тургай, канчалык жашырса да ыйдан кызарып турганын көрүп эле оорусу оңой эмес экенин түшүндү. Себеби ага чейин эле рак болуп калбагай элем деп шекшип, бирок бул жаман ойду жолотпой кууп жүргөн. Ошондон баштап Апизанын көргөн күнү доктур болуп калды. Жашоодон күдөрүн үзгүсү келбей “каерде жакшы доктур бар экен” десе үмүтү сүйрөп барып жүрдү. Келин мындай уйкусуз түндөрдө өткөн өмүрдү улам көз алдына тасмадай тарта берчү болду.

 

Анда жаңы эле келин болуп барган болчу. Күйөөсү мас болуп келди да, келинчегин эми көрүп жаткансып көпкө сыдыра тиктеп туруп «ихи» деп кыска күлүп алып башын салаңдатып отуруп калды. Бир кезде башын көтөрүп: «Сен неге макул болуп калып калдың, кетип калсаң мага да, өзүңө да жакшы болмок. Сен кетип калсаң мен Жамилага үйлөнмөкмүн, а сен да теңиңди, сендей сулуунун кадырына жетчү азаматты тапмаксың. Ата-энемдин сөзүнөн өтө албай койбодумбу», — деди каргылдана. Анан ыза көргөн баладай буркуруп-буркурап ыйлап жатып уктап калган эле. Апизанын ызалануусу ошондон башталды. Өзү көрө элек Жамила аттуу дүкөнчү келинди аябай жек көрүп, канчалык зарыл болсо да дүкөн тарапка басчу эмес. Күйөөсүнүн дүкөн тарапка баргысы келе бергенин, кокус барып келсе көңүлү көтөрүлүп калганын байкаган сайын ызасы көөдөнүн өрттөчү болду. Көз ачып көргөн биринчи эркеги күйөөсү болсо, анан кантип ызаланбай коёт.

 

Бир жолу коңшу айылдагы төркүнүнө барып, анан кар жаап койгонго сыртта калган оокаттарынан көңүлү тынчыбай келем деген күнүнөн эки күн эрте чыга берген. Чиедей болгон кыздары үшүп үйгө иңир аралаш кирип келишти. Демейде көп сүйлөбөгөн кошунасы Тургун апа бул жолу Апизаны божурап көпкө кармады. Ал малга от салып жүргөн жеринен баарын таштай салып утурлай чуркап, короосуна кирип бараткан Апизанын жолун торой бирдемелерди сүйлөй берди, өзү сүйлөп, өзү күлө берди. «Буга эмне болуп калган?» деп ойлоду, үшүп үйүнө шашкан келин. Анан кошунасынын кебин да укпай кыздарын сүйрөй жөнөдү. Тургун апа оозун кош колдой басып каректери чоңоё, колун созгон бойдон кала берди. Келин кирип эле адаттан тыш буркураган атырдын жытына кептелди. Бул жыт кээде күйөөсүнөн жыттанып калганын эстеди. Анан ичкериден шыңкылдаган күлкүнү, оштонгон онтоону укту. Келин дароо түшүндү, түшүнөрү менен Тургун эженин өзүн аяп караган көздөрүн эстеди. Негедир ичкериде өзү тааныбаган аялдан мурун кошунасынан намыстанды. Өз үйүнө өзү кире албай, кантерин билбей айласы куруган эле ошондо. Апиза алдастап турганда ичкериден энеден туума күйөөсү чыга келди да, кире бериште эки кызын колтугуна калкалап турган келинчегин көрүп чочуп кетти.

 

– Сен кайдан, качан келип калдың? – деди баш аламан сүйлөп. Келин суу уурттап алгандай унчуга албады, чыны не дээрин билбей аптыкты. Болгону кыздары “тиги жылаңач атасын көрбөсө экен” дегендей алаканы менен эки кызынын бетин жапты. Күйөөсүнүн артынан эле жылаңач дүкөнчү келин баш бакты. Ал да оболу чочуп, анан коркуп кетти. Апиза ошондо келиндин көздөрү абдан кусалуу экенин көрүп туруп да жек көрүүсү ташып, куду ошол кусалуу каректерди оюп алчудай бой таштаган эле. Жаралуу арстандай булкунганы эсинде. Дүкөнчү келин ичкери кире качып артынан кууп кирген Апизадан коргонуп да, кийинип да жатты.

 

Анан качанкы бир жакшы түштөй кез-кезде дилин жылытчу бир адам көз алдына келди. Анда жашоо да, азыр бир өңчөй болуп бозоргон аалам да кызыл-тазыл кооз көрүнгөн керемет учур экен, атаганат. 3-курс эле. Сабактан чыгып көчө бойлой жалгыз келе жаткан кызды эки жигит жандай басты.

 

– Саламатсызбы? – деди узун бойлуу жигит. Апиза жалт карап, карары менен жигиттин капкара, күлкү уялаган көздөрүнө кептелди. Саламды алик аларын да, унчукпай басып кетерин да билбей апкаарый үнсүз баш ийкеди.

 

– Биз да бассак болобу? — деди жигит кызды жандай басып.

 

– Бут силердики, баскыңар келсе баса бересиңер да, – деди Апиза сустайып. Кара көз жигит орунсуз суроосуна ыңгайсыздана күнөөкөр жылмайды.

 

– Сиз менен бассак болобу дейм да, – деди кебин оңдоп.

 

– Жол баарыбыздыкы.

 

Кыздын аткан октой кебине сына түштүбү, баатырсына шар келген жигит тайсалдай кебин жоготту. Анан бир аз үнсүз катар басты да:

 

– Менин атым Мээримбек, – деди акырын. Жигиттин токтоо сөзү кыздын тилин тыйдыбы, айтор, кыз да токтоо жооп берди:

 

– Менин атым Апиза, – деди жумшак. Алар ошентип таанышты да, таанышкан күндөн баштап жигит кыз жашаган жатаканага ат тезегин кургатпай каттап калды. Мээримбек атындай эле мээримдүү, токтоо жигит экен. Апизанын кээде жаадай тийген куйкум сөздөрүнө жумшак жылмайып гана койчу. Жигиттин өзүнүн көзүн карап, оозунан чыккан кепти ойлонбой аткарууга даяр турган мээримдүүлүгү кызды жүдөтүп жиберер эле. Кыздын эмне тамак ичкенин, бутуна байпак кийген-кийбегенин сурай берген камкорлугун, каалаганын айтары менен даяр кылган жоомарттыгын баалай албаптыр учурунда.

 

Каникулга келген кызды бир айыл төмөн жашаган Канат ала качып кетти. Кийинки жылы акыркы курска барган кыз Мээримбекке жолугуудан качып жүрдү, анткени жигиттин муңга толгон каректерин, күлкүсү күбүлгөн кусалуу жүзүн көрүү оор болчу. Канчалык качса да бир күнү капыстан бет келди.

 

– Саламатсыңбы? – жигит кусалуу карап турду, кымбатын жоготкондой азалуу карап турду.

 

– Саламатчылык.

 

Апиза биринчи жолу ошондо жигиттин алдында өзүн күнөөлүү, улуулукка татый албагандай алсыз, кунсуз сезген эле.

 

– Бактылуусуңбу?

 

– Билбейм… – кыз калп айта албады, анткени мындай көздөрдүн алдында калп айтууга мүмкүн эмес болчу. Армандуу караган жигиттин көз карашына туруштук бере албай шарт бурулуп басып кетти да, ошол бойдон жолукпады, бирок унутуп да калган жок. Анын мээрими дайым жетишпей жүрдү. Айрыкча күйөөсү ичип келип ызы-чуу салган түндөрдө кыздарын колтугуна катып алып жылаңайлак калчылдап көчөдө туруп баягы “бутуңа жылуу байпак кийдиңби?” деген коңур мээримдүү үн кулагына жаңырчу. Күйөөсүн качан келет деп күтүп жалгыз жаткан суук түндөрдө, же жанында күйөөсү жатса да далысын салып дуңкуйган салкын мамиледен дили буулукканда Мээримбектин өзүнүн көзүн карап, колун кармап койсо жетине албай делбиреген каректерин жокточу. Бара-бара күйөөсүнөн эч нерсе күтпөй кыздары менен гана жашап калды. Канаттын ичкени, мас болгон сайын дүкөнчү келинди айтып дилин оорута бергенине да көндү. Бала үчүн эне баарына көнөт тура. Апиза эми эркектен сүйүү, мээрим күткөн аял эмес, бала десе башын сайып курмандыкка ойлонбой өз тагдырын алган энеге айланган эле. Атаганат, ошол энелик да минтип узакка буйрубаптыр.

 

Кечинде эле тамакты жакшы жеп, маанайы ачык жаткан Апиза таңды суз тосту. Кыймылдарга алы жок алсыз болуп калыптыр. Тамагынан кыл өтпөй өзүн кыйнап жатып бир кашык тамак ичти эле, аны да кусуп салды. Анан күйөөсүн чакырды.

 

– Канат, тогуз жыл жакшы жашадыкпы, жаман жашадыкпы, ыраазы бол, – деп баштаганда эле күйөөсү:

 

– Кайдагыны баштабачы, – деп жаш айлана түшкөн көзүн ала качып кубарып кетти. Күйөөсүнүн минтип биринчи жолу өзү үчүн тынчсызданганы ушул. Келин муңайым, алсыз жылмайды.

 

– Сөзүмдү бөлбө, суранам, – Канаттын жуурканды кымтылап жаткан колдорун абай кармап сөзүн улантты, – мен мал болбой калдым. Билем, жашооң бир башка, көңүлүң бир башка жашадың, дилиң башканы самап, а башка менен бир төшөктө жатып жарым өмүрүң өттү. Балким, ошол азапка чыдабай ичип өчүңдү турмуштан, тагдырдан алгың келгендир. Эми деле кеч эмес, бактыңды тап, көңүлүң сүйгөн жанга үйлөн. Менин бир гана аманатым — кыздарды жакшы кара, ошол эки сербейген бейтаалайды ыйлатпа, – деди алсыз.

 

Канат ордунан шаша туруп сыртка чуркап чыкты. Көчө бойлой далдактап молдого шашып баратып бул аялдай өзгөчө жан эми болбосун, башка мындай жакын адамы жок экенин туйду. Ушундай мээрман жанды жоготконун туйду. Көрсө, миллион сулуудан бул итирейген, жапкан нан, сүт жыттанып, ошонусу менен кыжырын келтирген ушул аял жакын тура, эми ушул аялдын ошол тирүүлүк, түйшүк жыттанган ажайып жытын эми эч кимден жыттабасын туйду.

 

(Аягы)

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE