Пример HTML-страницы

Африкалык жигитке жубай болгон Курманжандын жашоосу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну Курманжан Мейманова. Ал африкалык жигит менен кантип таанышып калганын, алардын баш кошуусуна болгон тоскоолдуктарды кантип жеңгенин жана учурдагы жашоосун Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен 1989-жылы Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында жарыкка келгем. Мектепти аяктагандан кийин Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КМКТАУ) информатикалык эсептөө техникасы факультетине тапшырдым.

Окуу жайым Бишкек шаарында жайгашкандыктан эжемдин үйүндө жашап жүрдүм. Ошол убакта ал тигүү цехин иштетип, бир нече адамдарды жумуш менен камсыздачу. Мен да өзүмдү акча жагынан камсыздоо максатында иштей баштадым. Чет тилдерин үйрөнүүгө абдан кызыккандыктан топтогон акчамды көтөрүп алып, англис тили курсуна жазылдым. Бош убакта борбордук мечитке келип, кыздардан намаз окуганды да үйрөнүп жүрдүм. Ошол мечитке келип кетип жүргөн убакта жолдошум мени сырттан байкап жүргөн экен.

Күндөрдүн биринде мечиттен чыгып баратсам, артыман жетип келип, “чоң кыз, кайсы жакка кетип баратасың?” деп сөзүн баштады. Мен бир аз таң кала “үйгө кетип бара жатам” деп жооп бердим. Андан ары өзүн тааныштырып, университетте француз тилинен сабак берип иштерин айтты. Ал 4 тилде — француз, англис, араб жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт экен. Муну менен катар Ислам дининин ыйык китеби болгон Куранды да окуй аларын кошумчалады. Ошондо дароо анын мусулман адам экенин түшүнүп, ага кандайдыр бир ишеничтер пайда болду.

Таанышуудан бир жума өтпөй эле ал аялы менен ажырашканын айтып, мага үйлөнүү сунушун жасады. “Мен сени сүйөм, мен сени эч качан таштабайм” деди. Мен шок болуп эле дароо эжем менен апама айтсам, экөө тең каршы чыгышты. Атам жок дебеген боорукер адам эле, “кызым өзүң бил, мен жашабайм, сен жашайсың” деп, тандоону өзүмө койду. Бул учурда мен өзүмдүн ички сезимимди тыңшап, апамдын каршылыгына карабай африкалык жигитке турмушка чыктым. Ошентип, никебизди кыйдырып, ата-энемден бата алганы үйгө бардык. Алар күйөө баласын көрүп, эң негизгиси мусулман экен деп, бакыт тилешти. Ал эми жолдошумдун ата-энеси жок болчу, экөө тең каза болуп калыптыр», — деди ал.

Каарманыбыз кыргызга күйөө бала болгон африкалык жигит тууралуу айтып берди.

«Жолдошумдун аты-жөнү Мамаду Канде, ал Африканын батыш тарабында жайгашкан Сенегал өлкөсүнөн болот. Азыркы тапта француз жана араб тилинен котормочу болуп эмгектенет. Биз 2009-жылдын август айында баш кошконбуз. Учурда 3 баланы тарбиялап-өстүрүүдөбүз.

Жолдошум жана балдарым менен жүргөндө көзүн албай карагандар көп, ага көнүп деле калдым. Күндөрдүн биринде баарыбыз көчөдө сейилдеп жүрсөк, кыргыз улутундагы эжелер акырын жаныма келип, “ай кыз, сен бул кишинин балдарын карап иштейсиңби?” деп сурашкан (күлүп).

Өзүм тигүү цехинде иштейм. Күйөөгө тийгенден кийин боюмда болуп, университетти толугу менен аяктай албай калдым. Азыр ошол курсактагы кызым бой жетип, “Ырдайлы кыргыз ырларын” долбооруна катышып жатат. Кудайга шүгүр, жолдошум жана балдарым менен бактылуумун», — деп сөзүн жыйынтыктады Курманжан Мейманова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE