Пример HTML-страницы

Кант шаарында сабалган тергөөчүнүн жаагы сынды

Акыркы жанылыктар

TurmushКант шаарында тергөөчү сабалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Чүй ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 14-апрелде саат 04:00 чамасында Кант шаарынын Гагарин жана Зубков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Маркет 24» дүкөнүнүн жанынан 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз адамдар 1991-жылы туулган жаранга себепсиз кол көтөрүшкөн. Ал алган жаракаттарынан улам Улуттук госпиталдын жаак хирургия бөлүмүнө жеткирилип, жаагы ачык сынганы (открытый перелом) такталган. Бул факт каттоого алынып, Чүй ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексининин 280-беренесинин (бейбаштык) белгилери боюнча кылмыш иш козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу — Кыргызстандын 1991-жылы туулган жараны, Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү экени аныкталды. Тиешелүү соттук-укуктук экспретиза дайындалып, аталган кылмышты жасаган жарандарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE