Пример HTML-страницы

Кыянат 24 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=13524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЯНАТ 

24 болум

 

Арс тоону томкоргондой керсейе басып кызын кучактап турган Баатырдын жанына келди. “Оо, азаматсың!” деп мактоого алат деп күтүп жаткан. Бирок ал күткөндөй болгон жок. Бир заматта оюна келбеген окуяга дуушар болгон Баатыр Арска көңүл бурбастан кызын алып сыртты көздөй бет алды. Азыр Баатыр уккан кулагына ишенер-ишенбесин билбей турду. Маржандын кулап бараткандагы кебетеси көз алдынан кетпей, “ал сенин уулуң” дегени кулагына жаңырган абалында калды. Коркуп калган кыз жолду катар атасына башын жөлөп келе жатты. Атасы азыр андан баарын сурап-тактап, ар бир кадамы үчүн урушуп баштайт деп ойлогон. Бирок атасы ооз ачкан жок. Сурак албай унчукпай келе жатканына таң калып турду. Ал атасын мындай абалда эч качан көргөн эмес. Үйгө жетип эле кыз апасынын бөлмөсүнө чуркады.

 

– Апа-а-а!- кыз керебетте жаткан апасын кучактап жыгылды.

 

– Кызы-ым, берекем,- эне кыздын чачы-башын өөп-жыттап жатты. Алсырап жаткан энеге кубат бүттү. Өмүр бою алаканына салып бөпөлөп өстүргөн кызына өз өмүрү дагы байланып калганын, ушундан кубат алып, кызы үчүн жашап калганын эне эми аңдады. Эне төшөктөн туруп кызын бир саамга кучактап турду да, жанына алып жатты. Азыр кызын бир мүнөткө болсо дагы көзүнөн, жанынан алыстаткысы келбей турду. Эне-кыздын жанына атасы кирген жок. Ал азыр өз ойлору менен алпурушуп жаткан кези. Сыртта адатынча тумандата чылымын түтөтүп бассейнди карап ойлуу отурат.

 

– Маржан эмне деди, чын элеби? Болбосо азап тартып ошол талаага эмнеге барсын, эмнеге буга чейин айткан жок?..- Баатырдын башы маң болуп, суроо артынан суроолор жоопсуз калып жатты.

 

– Маржан эмне болду?- Баатыр ордунан тура калды. Маржандын абалына санааркап кетти. Болотко телефон чалды.

 

– Алло, Батыке?- деген Болоттун беймарал чыккан үнүнөн Баатыр ойлонуп кетти.

 

– Боке, кызымды таптым, баары жакшы,- деп жиберди. Эмне, аялың каякта деп сурамак беле?

 

– Демек, Маржандын абалынан кабары жок…- дембе-дем чылымын тартып телефонунан Арстын номерин издей баштады. Баатыр тынчсызданып турганда болгон күчүн чылымдан чыгарат. Бир күндө 5-6 куту чылым чегип койгон учурлары болот.

 

– Алло, Арс, жанагы жигитти алып келген балдар каякта?

 

– Алар кетишкен.

 

– Мага толугураак келген кара тору жигиттин номерин берчи.

 

– Эме…- байланыш үзүлүп калды. Шектүү шекинет болуп Арс өзүнөн чочулай баштады. Баатыр кайра чалса Арстын телефону өчүк болуп чыкты. Маржанга чалып көрмөй болду. Анын дагы телефону өчүк экен.

 

ххх

 

Тергөөчүнүн алдында дендароо болуп Байэл отурду. Тергөөчү шымалана келип отурганы менен, Байэлди сүйлөтө албай койду. Эки-үч суроо берди эле, Байэл лям деген жок. Баштапкы сустайган абалында отура берди.

 

– Эй, сен негизи сүйлөйсүңбү?- кулак түпкө бир урду. Байэл буга дагы реакция кылган жок.

 

– Эй, бул соо неме эмес, муну алып барып салгылачы. Эртең сурайбыз,- тергөөчү папкасын көтөрүп сыртка чыгып кетти.

 

Байэлди камерага кайрадан киргизишти.

 

– Кел, тууган, эмне болду?- улуураак киши Байэлди далыдан таптады. Жигит унчуккан жок.

 

– Маанайың такыр жок го, ээ?- экинчиси сүйлөдү. Байэл баштапкы абалынан жазган жок. Жанындагы эки киши бири-бирин карап ийиндерин куушуруп коюшуп, экөө өзүнчө сүйлөшүп кетишти.

 

Байэлдин көз алдынан кулап түшкөн аял, анын башына тапанча такап башка-көзгө койгулап турган киши кетпей турду. “Сенин уулуң, сенин уулуң” деген сөз мээсин жарып жатты. Ал аял ким? “Аделя сенин тууганың” деген кат эсине түштү. “Тууганың”, “сенин уулуң” мунун баары мынча жылдан кийин каяктан чыкты? Уккан кулак, көргөн көзүнө кантип ишенет? Буларды көтөрө албай башы жарылып кетейин деп турду. Нес болуп калган Байэл өзүн башкарууга кудурети жетпей калды…

 

ххх

 

Арстын телефону өчкөн бойдон күйгөн жок. Арстын атасына чалды эле, үйгө келбегенин угуп отуруп калды. Болотко кайра чалууга дити барбады. Маржанды ойлоп жатып түнү менен уктай алган жок. Өзүнчө тынчы кетип кызы менен аялынын жанына дагы бара албады. Эмне кыларын билбей, бир орунга тура албай кыйпычыктап жатты. Мындай абалда түнү менен уктай алган жок. Жерге жарык түшүп калган маалда көзү илинип кеткен. Көп узабай эле Камчыдан чалуу келди.

 

– Кандайсыз, Баатыр байке?

 

– Тынччылыкпы?- таң эрте чалганына чочулап кетти.

 

– Уктуңузбу? Маржан эже ооруканага түшүп калыптыр. Болот байкеге барып сурап коёлубу?

 

– Ооба, барыш керек,- шашып айтты. – Кайсы оорукана экен? Азыр жарым саатта барып калам,- көктөн издегени жерден табылгансып, ордунан тура калды. Маржандын дайынын билгенине кубанды. Шаша-буша кийинип, эч кимге айтпай эле жөнөп кетти. Ооруканага баш бакканда эле кире бериште турган Болот көзүнө урунду, андан арыраакта уулу менен кызы турушат.

 

– Ассалом алейкум, Маржандын абалы жакшыбы?- Баатыр жетип эле Маржанды сурады.

 

– Кудайга шүгүр, жакшы. Бир аз эс алышы керек экен. Убара болуп келбей эле койбойт белеңер.

 

– Ой, тирүүлүктө ден соолук сурашып турганга эмне жетсин, ушунун дагы убарасы барбы?- деди Баатыр Болотко карап.

 

– Үстүнө киши киргизбей жатыптыр, бара бергиле, келгениңерге рахмат.

 

Баатыр менен Камчы коштошуп сыртка чыгып кетишти. Үстүнө киши киргизбей жаткандыктан бир аздан соң Болот балдарын алып үйүнө кетмек болду. Баатыр кеткен түр көрсөткөнү менен, Камчыны кетирип жиберип, өзү оорукананын жанында калган. Унаасында кете албай отура берди. Көп өтпөй эле ооруканадан чыгып келе жаткан Болот менен балдарын көрдү. Алар унаасына отуруп узап кетишкенден кийин Баатыр ооруканага кайра келди. Түз эле Маржандын палатасын көздөй жөнөдү. Ал кирген тушта палатанын эшиги ачылып медайым чыгып келе жаткан эле. Аны утурлай басып, жолун тосту.

 

– Кечиресиз, бейтабыңыз азыр ойгообу?- деп шашыла сурады.

 

– Сиз кимиси болосуз, биз баарына эле маалымат бере албайбыз?

 

– Жакыны болом. Абалы кандай, тынчсызданып жатам. Бир көрөйүнчү.

 

– Жок, байке, болбойт. Азыр эле үй-бүлөсү келип кеткен.

 

– Эмнеге, мен акырын эле кирип көрүп чыгам,- Баатыр медайымдын колуна 100 доллар кыстарды.

 

– Байке, негизи ал өзү тынчтыкты каалап жатат,- акчаны көргөн медайым жибий түштү.

 

– Мени киргизип жибериңиз, палатанын ачкычын алып бериңиз. Анын үстүнө уктоо мөөнөтү дагы болуп калды. Эч ким деле келбесе керек.

 

– Эме…- медайым кыйылгансып Баатырды карады.

 

– Коркпоңуз, карындаш, муну экөөбүз эле билебиз,- Баатыр жылуу карап акырын башын ийкеди.

 

– Болуптур, байке, андай болсо,- медайым Баатырга ачкычты берип, аны палатаны көздөй баштады.

 

– Качан мен ач дегенде ачыңыз, ага чейин эч кимди киргизбеңиз,- Баатыр палатага кирип, эшикти бекитип алды. Анын кирип келе жатканын Маржан көрдү, бирок унчуккан жок. Терезени тиктеген абалында жата берди. Бөлмөдө тынчтык өкүм сүрдү. Экөө тең өз ойлору менен алек. Маржандын жанында ак халатты желбегей жамынып отурган Баатыр бир маалда Маржандын колун кармады. Бул өзүнөн-өзү болуп кетти. Эмнегедир анын колун кармагысы келди, бул сезимди өзү дагы түшүнө албай турду. Маржандын көзүнөн сызылып жаш агып жатты.

 

– Маржан, айтчы, чынбы?

 

Маржан “ооба” дегенсип жаштуу көзүн узакка жумуп турду. Көзүндөгү өксүү үнсүз эле түшүнүктүү болуп турду. Баатыр эки колун кайчылаштыра башына жөлөп отуруп калды. Бирок бул минтип үнсүздүк менен түшүндүрүлүп бүтүп кала турган нерсе эмес экенин экөө тең туюп турушту…

 

– Алло, салам алейкум! Тахир, издетип жаткан Байэлиң биздин бөлүмгө келип түштү. Болгондо дагы биздин шефтин досунун кызын уурдаптыр. Бул жалгыз эле биздин колдон бүтө турган иш болбой калды. Чыгарып кетем десеңер эртерээк аракет кылгыла. Болбосо, билесиң да өзүң, кийин машакаты көп болорун.

 

– Кыздын жоголгонунан кабарым бар. Бирок Байэл уурдаса менин кабарым болот эле. Байэл башка иш менен алек болуп жүргөн. Ал кызды уурдамак эмес. А баса, мен Байэлди издеп барганымда анын машинасы ачык бойдон үйүнүн алдында калыптыр. Бул жерде бир түшүнбөстүк бар.

 

– Ошондой дечи, териштиребиз дагы.

 

– Болуптур, мен шефтерге айтып көрөйүн.

 

Тахирге кабарлаган анын балалыктан берки досу. Милиция кызматында иштейт. Бири «кара», бири «кызыл» болгону алардын достугун урата алган жок. Тахир шашыла Капардын бөлмөсүнө кирип келди.

 

– И-и, тигиниңден дайын барбы?

 

– Ошол боюнча келгем. Азыр эле балдар кабарлашты. Ал кечээ кармалыптыр. Эмне кылалы, сүйлөшүп чыгаралыбы?

 

– Кайдагыны айтасың? Ташболотов бизден кынтык издеп араң турат. Эски-ускунун баарын чукуп ит кылбайбы? Өзүң деле ойлонсоң. Андан көрө тезинен ага жолук, бир нерсени тантырап бизге илештирбесин. Ары кетсе да өз башын алып кете берсин, бизге залакасын тийгизбей.

 

– Такыр эле кол үзөлү дейсизби?

 

– Керек болсо ошентиш керек. Ал эмне болсо ошол болсун. Ага эмне анча жан тарттың? Мага демектен түрмөнүн түбүндө чирисин. Бизге илешпесин иши кылып, ага баарын түшүндүрүп кел.

 

– Жарайт,- Тахир оң муштумун түйүп сол алаканын бир уруп койду да, сыртка жөнөдү. Унаасын от алдырып үйдүн жанынан жылып кеткени менен, бир чакырымдай жүрүп барып жол жээгине токтоп, чылым күйгүзгөнгө чакмагын издеп калды. Сыйпалап таппай калганда бардачокту ачып карап жатып папканы көрдү. Байэлге ачтырган карталардын кагаздары экен. Бир сыйра карады да, коюп койду. Дембе-дем чылымды тартып түтүнүн шашпай үйлөп ойлонуп отурду. Көптөн бери ушинтип бирөөнүн карамагында жүргөн жашоосунан тажап жүрөт. “Ушулардан эптеп кутулсам башкача жашайт элем. Мага караганда кошунамдын ити эркин. Каалаганын жейт, каалабаганын жебейт. Баскысы келсе басат, жаткысы келсе жатат” деп кейип калмайы бар. Бир кезде оңой келген акчага дардаңдап жүргөн ага кызык болгону менен, азыр андай жашоодон чарчап турган убагы. Кыргызстанда жүрүп булардан кутулууга болбосуна эбак эле көзү жеткен. Анын көзүн тазалап коюш аларга чымынды шапалак менен бир чапкандай эле экенин өзү жакшы билет. Анын көптөн бери көздөгөнү акча топтоп чет өлкөгө чыгып кетүү болуп жүргөн. Бир нерсе болсо Капар өзүнө деле кол сунарынан күмөнү жок. Ошондон улам анын ага болгон ишениминен пайдаланып акчаларын колунан келишинче өөнөй баштаган. «Менде эле болсо, мен эле жашасам» деген немеден жакшылык деле күтүүгө болбосуна азыр дагы бир жолу ынанды.

 

ххх

 

Бөлмөдөгү тынчтык бир саамга өкүм сүрдү. Баатыр да, Маржан да өз ойлору менен алек. Кепти эмнеден баштаарын билбей шыпты тиктеген абалында Маржан жатат. Эки тизесине чыканагын таяп, салааларын кийиштирип жер тиктеп Баатыр отурат.

 

– Өх-х!- Маржан оор үшкүрүп тамчылатма уколдун системин сууруп салып ордунан турду.

 

– Мени түшүнө албай, мага ишене албай жатканыңды билем. Бирок мындай болушун мен дагы каалаган эмес элем. Жаш кезде сага ишенгендей мен эч кимге ишенген эмесмин. Сен эмне кылдың? Мени жарым жолдо таштап басып кеттиң. Менин тагдырымды уруп да ойногон жоксуң. Кош бойлуу экенимди сен дайынсыз болуп жок болгондон кийин билдим. Алдырып сала албайт элем. Күдөрүмдү үзбөй сени айлар бою күттүм. Бир дайының болсочу. Эмне кылат элем, мен курсагымдагы бала менен жалгыз калдым. Эч ким билбесин деп жашырынып, качып жүрүп төрөдүм. Окуумду таштадым. Ата-эне, тууган дегенди унуттум. Атам, агамдар билсе мени да, баланы да жашатмак эмес. Төрөдүм дечи, бирок кайда алып барат элем? Айлам жок эле төрөт үйүнөн түн жамынып чыгып балдар үйүнө алып бардым. Таштап, таанып калбасын деп аркамды карабай качтым. Жанымдан жаралган наристени таштоо мага оор болду. Муну көтөрө албай кандай кыйналдым, өлүмдөн кайра тарттым. Ошол күндөрү Кудай мени Болотко жолуктурду. Ал менин жаралуу турган жан дүйнөмдү камкордугу, сүйүүсү менен дарылады. Ошончо нерсени жашагандан кийин жалгыз калуудан корктум. Өтмүшүмдү унутуп, жокко чыгаргым келди. Баш коштук, окуумду бүтүрдүм, балалуу болдук, ишке кирдим, ушинтип турмуш тиричилик менен алек болуп жүрүп жылдар өтө берди. Канча күрөшпөйүн өмүрүмдүн ал бөлүгүн акылымдан чыгарып сала албадым. Көкүрөгүмдө ташыдым,- Маржандын көзүнөн жаш сызылып агып жатты. Ый аралаш сүйлөп, канча жылдар жүрөгүн өйүп келген сырын ортого салып жатты.

 

– А сен кабар алып турган жоксуң да ал баладан?

 

Маржан үнсүз башын чайкады.

 

– Анда бул сен таштаган бала экенин кантип билип жатасың?- деп жиберди Баатыр чый-пыйы чыга.

 

– Балдар чоңоюп, Болот долбоорлору боюнча чет жакка кетип, мени менен деле көп иштери болбой калды. Ошол учурдан пайдаланып мен Байэлди издей баштадым. Атын мен койгом. Ошол атын өзгөртүшпөптүр,- аял бир улутунуп алды.

 

– Эх, арттагы жашоону түзөөгө болсо кана? Карачы, экөөбүз сүйүштүк деген менен, эмне жакшы иш кылдык? Бир баланы жетим өстүрдүк. Анын жан дүйнөсү бала кезинен талкаланды. Сенде да, менде да байлык бар. Бирок биз ага эч нерсе кылып бере албайбыз. Кол сунсам колум, сүйлөсөм сөзүм жетпейт,- өксүп-өксүп ыйлап жатты. Маржандын денесин майда калтырак басып, сүйлөгөнү жайлап баратты.

 

Маржанга айтып берүү кандай оор болсо, Баатырга уккан деле жеңил болгон жок. Ичиндеги чыңалуудан тынч отуруу мүмкүн эмес эле. Маржан жаткан керебеттин кырын колундагы ачкыч менен тынымсыз кыра берди. Оюнда күрөш жүрүп жатты, бирде жалганга чыгаргысы келсе, бирде чындык экенине ишенгиси келди. Уулу бар экенине кубангысы келди. Анын жаралуу жери – эркек баласынын жоктугу эле. Дос-тууган ушул убакытка чейин каалоо-тилегине “уулдуу бол” деген сөздү сөзсүз кошуп айтышат. Жубайы Жамал өзүн күнөөлүү сезип кыйын врач, бүбү-бакшы дегендин баарына барып жүрдү. Кийин ой-боюна койбой Баатырды да алып барып көрдү. Канча аракет кылышпасын Кудай аларга уул берген жок. Бир ирет аялы болбой жатып аны бир көзү ачыкка алып барган. Ошол кемпир ага “балага жасаган кордугуң бар, балам, дагы Кудай сага кыз бериптир. Ошол кызыңды медер тутуп жашай бер” деп айтканы бар. Анда Баатыр анын кебинин түпкүрүн түшүнгөн эмес, “ой, ушулар болбогон нерсени токуп айта беришет” деп кемпирдин сөзүн жактырган эмес. Ушул тапта ошол кемпирдин сөзү эсине келди. Ошол сөздүн түпкүрү кайда жатканын эми түшүндү.

 

ххх

 

Байэлдин ойлору чар-жайыт болуп турганы менен, кечээгиден өзүнө келип калгандай. Эки күндөн бери наар албаган неме бүгүн жанындагыларга келген тамактан ичип, биринин төшөгүнө жатып көшүлүп уктады. Уктаганга аз да болсо мээси эс алып, ирдене түшүптүр.

 

Иш бөлмөсүндө эки милиция кызматкери өзүнчө талашып жатышты:

 

– Кызды анын уурдаганынан күмөнүм бар.

 

– Эмнеге антип ойлоп жатасың?

 

– Ал күнү мунун машинасы аңырайып ачык эшигинин алдында калып жатпайбы. Кызды уурдаса машинасын айдап кетмек да. Анын үстүнө тиги Тахир кабардар болмок. Бул бир аялдын айдоочусу болуп иштейт экен. Ошол күнү кайда барганын, эмне кылганын ошол аялдан такташ керек…

 

(Уландысы бар )

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE