Пример HTML-страницы

Кара мышык  сиздин душманынызбы?

https://kyrgyzcha.site/?p=55901&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Кара мышык 

сиздин душманынызбы?

Ар бир элдин каада-салты, үрп-адаттары жана ырым-жырымдары бар. Алар нечен кылымдар бою колдонулуп, муундан-муунга сакталып жүрүп отурат. Албетте, ырымдарга айрымдар маани беришпейт, айрымдар аларга бөркүндөй ишенишип, бекем сактап жүрүшөт. Эмнеси болсо да кыргызда көптөгөн ырымдар бар, алардын айрымдары төмөнкүлөр.

 

 

Ден соолукка

байланыштуу ырымдар

Жылан чаккан жерге сарымсак сүртүү керек. Сарымсакты көп жеген адамга жыландын заары анча өтпөйт. Себеби, сарымсактын ачуусу жыландын заарынан күчтүү болот.

Кишини айланба — анын дарты сага өтөт.

Таштанды төккөн жерге отурба, илээшкен оору ошондон болот.

Эгерде таманга, колтукка без чочуса — төрөгөн аялга ач карын барып үч жолу эмдетип кой.

Баш кийимди жоготпо — башың ооруйт.

Үйүңө желе жолотпо — ал оору чакырат.

Ангинада оорулуунун оозуна баканы тосуп, бакага дем алат. Бака 3-4 секирип өлөт. Демек, оору бакага өтөт.

Жарага чымчыктын мээсин сүртсө айыгып кетет.

Иттин терисине көп турсаң, ооруга көп чалдыкпайсың.

Тердеп, сасыган бутка төөнүн канын сүртүү керек.

 

Акчага, байлыкка

байланыштуу ырымдар

Буудайдын же сулунун бир топ башын, жүгөрүнүн бир боо сотосун, карагайдын мөмөсүн үйүңө коюп кой — тапканың берекелүү болот.

Жаңы төрөлгөн баланын жаздыгынын астына акча катып кой — бай болосуң.

Үйдө бир гана шыпыргы болуу керек, эки же андан ашык шыпыргы акчасыздыкка алып келет.

Күн баткандан кийин кошуналарга нан же акча бербе — кедей болосуң.

Таңкы тамакты таштаба — ырыскыңды таштаган болосуң.

Бар туруп жок дебе — ал жокко айланат.

Бирөөгө карызга акча берип жатканда экинчи колуңда дат баскан мык болсо, акчаңды тез кайрып берет.

Колуңду жууганда силкпе — акчасыз каласың, ырыскың кетет.

Балага байланыштуу ырымдар

Кыз баланы теппе — ал бактысыз болуп калат.

Ымыркай баланы кытыгылаба — ал сени каргайт.

Жиликтин чучугун балага бербе — ал ата-энеге кайрымсыз болуп калат.

Жаш баланын тиши түшсө, аны итке тамагына кошуп берип коюу керек, ошондо баланын тиши оорубай, сак болот.

Энесине окшош бала бактылуу, энесине окшош кыз таалайлуу болот.

Ымыркай баланын жүзүн Айга көрсөтпө.

Баланы жуундурган сууну караңгыда сыртка төкпө.

Ымыркайдын моюну токтош үчүн апасы койдун моюнун таза мүлжүп, илип коюш керек.

Тамак-ашка

байланыштуу ырымдар

Тасмалды тетири салба — жолуң буулат, береке кетет.

Идиш-аякты теппе — дөөлөтүң качат.

Нанга бычак сайып койбо — берекең кетет.

Сынык идишти үйгө сактаба — үй-бүлөдө тегиз бакыт болбойт.

Бышкан тамакты таштаба — кусуру урат.

Тамакты дасторконсуз ичпе — ал берекесиздиктин белгиси.

Нанды тетирисинен койбо — үйдөн кут кетет.

Дасторконго түшкөн нандын күкүмдөрүн чогултуп туруп жеп кой — ырыс-кешиктин баары нандын майдасында болот.

Ичкен тамагыңа курт-кумурска түшсө — кирешенин белгиси.

Башка ырымдар

Жакын адамыңа ит бербе, итче ырылдашып каласыңар.

Тизеңди кучактап отурба, желбегей жамынба — жесирликтин белгиси.

Бир жакка барарда эшигиңдин алдында бир аз отуруп чык, барган жериң жакшы тосуп алат.

Босогоңду тосуп турба, бактың тосулат.

Шыпырынды менен күлдү аралаштырба — өлүм менен той бир күндө келип калат.

Түн ичинде пол жууба — үйсүз же үй-бүлөсүз каласың.

Караңгыда тырмак алба, тырмакты отко салба — кырсыкка учурайсың.

Шам намазда жатпа — өмүрүң кыска болот.

Баш кийимиңди ыргытпа — кутуң качат.

Күн батаарда алыскы жолго чыкпа, жарым жолдон кайтпа — жолуң болбойт.

Ээн талаада түнөп калсаң айланаңды бычак менен чийип кой.

Бирөөнүн изин баспа — бутуң оорукчан болот.

Мал короонун ичине сийбе — кедей болуп каласың, ырыскың кетет.

Кагаз-китептериңди жаппай туруп тамакка отурсаң — эске тутуу жөндөмүң жоголот.

Жолго, тебелендиге, агын сууга кирдин суусун төкпө — кор болосуң.

Өзү карап көрө албаган жеринде калы бар адам бактылуу болот.

Шыпыргынын башын өйдө каратып койбо — душманыңдын башы көтөрүлөт.

Кийинип туруп кийимиңди тикпе — акылың кем болот.

Бычактын учу менен тамак жебе — ачуулуу болосуң.

Чабалекей менен кумурсканын үйүн бузба — үй-бүлөң бузулат.

Казанды көмкөрбө, ашта гана казан көмкөрүлөт.

Ырымдар Аттокур Джапановдун

«Ак баталар, алкоолор, ырым-жырымдар»

китебинен алынды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE