Пример HTML-страницы

Кыргызстанда биринчи жолу спорттук балык уулоо боюнча эл аралык мелдеш өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстанда биринчи жолу спорттук балык уулоо боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдеш Чүйдүн Москва районунун Купан суусунда өттү. Ага Казакстандын, Өзбекстандын, Россиянын жана Кыргызстандын 30дан ашык өкүлдөрү катышты. Мелдеш 2 күнгө созулду. Командалар 3 адамдан куралды. Алар кайырмактар менен карась жана карп балыктарды кармашты. Жыйынтыгында казакстандык спортчулар 1 жана 2-орундарды алып, «Big Fish» кубогуна ээ болушту. Кыргызстандык «Фидер.kg1» командасы 3-орунга ээ болду. Быйыл май айында кыргызстандык команда спорттук балык уулоо боюнча Испанияда өтө турган мелдешке катышат. Ага дүйнө жүзү боюнча 30 команда катышары күтүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE