Пример HTML-страницы

Мугалим Н.Газиеванын аты Курандан алынган

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Ата районундагы №3 Новопокровка мектебинин директору Неллифар Газиеванын ысымы ыйык Курандан алынган.

«Менин атым Курандан алынган. Ал ыйык, чексиз булактардын бири дегенди билдирет экен», — деди ал.

Каарманыбыз 1987-жылы 18-сентябрда Кант шаарында туулган. 2010-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин лингвист (англис/француз) адистиги боюнча аяктаган.

«Университетти аяктаган соң Россия элдердин достугу университетинин жана Б.Ельцин атындагын Кыргыз-орус славян университетинин филология факультетине тапшыргам. Учурда К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин аспирантымын.

Эмгек жолум 2012-жылы Кыргыз билим берүү академиясында иштөө менен башталды. 2014-жылы №63 мектеп-гимназиясында директордун тарбия иштери боюнча орун басары кызматын аркаладым. 2016-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мугалим, 2017-жылдан баштап Бишкек шаарындагы №13 мектеп-гимназиясында мугалим, ошондой эле Кыргыз-орус Славян университетинде жана Кыргызстан эл аралык университетинде ага окутуучу болуп эмгектендим», — деди ал.

Каарманыбыз мугалимдик кесипти аркалап калышына апасы түрткү болгонун, жетишкен ийгиликтери, миграция көйгөйү жана башкалар тууралуу айтып берди.

«Чынында апам менин мугалим болушумду каалап, бул эң жакшы кесип деп дайыма айтып жүрчү. Бирок үй-бүлөдө мугалимдер жок болчу. Мен өзүмдүн нанымды маңдай терим менен табышым керек болчу. Азыр өзүм бүтүргөн мектепке жетекчи болуп келдим. Мени окуткан мугалимдер азыр да ушул жерде иштешет, бул абдан жагымдуу. Эки жылдын ичинде көп иштер аткарылды. Мисалы, былтыр мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында орус тили боюнча 2-орунду алсак, быйыл 1-орунду алдык. Кесиптештер балдарды келерки жылга даярдап жатышат. Биз дагы «Алтын тамга» сынагын тапшырууга даярданып жатабыз. Бул мектептин кадыр-баркы үчүн маанилүү.

Эмоционалдык жактан абдан оор күндөр болот. Мен кылымдын эң чоң трагедиясын атасыздыктан, мигрант балдардан көрүп жатам. Ата-энелер балдарын чогуу тарбиялашын абдан каалайм. Бул аялдар үчүн да, балдар үчүн да, бүтүндөй өлкө үчүн да абдан маанилүү.

Азыр КРСУнун эл аралык укук факультетинде үчүнчү магистратураны аяктап жатам. Мугалимдеримдин аркасы менен юрислингвистика, эл аралык кылмыш сотунун иши, эл аралык гуманитардык укук темаларына кызыгып калдым», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE