Пример HTML-страницы

25 жаштагы Баккелсин Жашаров ийне менен дарылоону үйрөнүп, Таластагы ооруканада иштеп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 25 жаштагы тургуну Баккелсин Жашаров дарыгер болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мектепти аяктагандан кийин, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 2016-жылы окуп баштап, 2023-жылга чейин билим алган. 4-курстан баштап иштеп баштаган.

«Биринчи медициналык кызматкер (медбрат) болуп иштеп баштап, «массажист» дарыгер болуп иштедим. Өзүм ординатурага невропатологго тапшырып, азыр интернатурамды Ч.Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасында №2 кабыл алуу бөлүмүндө иштеп жатам.

Акупунктура (ийне сайып дарылоо) боюнча дагы билим алгам. Ийне остеохондроз, люмбоишиалгия (белдин жабыркашы), грыжа болгон адамдарга керек. Ошондой эле дарылоодо укол жана «капельница» алууну да жазып беребиз. Ал да ооруну айыктырууга жардам берет. Грыжа болуп баспай калгандар үчүн калыптанышына чоң жардам берет.

Таласта ийне менен дарылоону колдонгондор аз экен. Чоң эле адамдар оорубайбы деп сурап калышат. Бул процедураны ар ким эле кыла бербейт. Анткени туура эмес точкага сайып алганда, адамды өлтүрүп алууга чейинки коркунуч бар. Ошондуктан билимибизди жогорулатып, ар дайым окуу үстүндө жүрөбүз.

Азыр эң чоң маселе — бул кичинекей баладан баштап, улгайган адамдарга чейин уюлдук телефон кармоосу. Азыркы учурда телефонду туура эмес караган үчүн мээге кете турган кан тамырлардын кысылуусу боюнча маселе болуп жатат. Кичинекей балдар үчүн да ушул чоң маселе. Ал остеохондрозго алып келет. Адамдын организминде бир эле жери, органы жабыркаса, башка органдарына дагы күч келип, аларды дагы оорууга алып келет. Ошондуктан балдарга уюлдук телефон бербей, чоң адамдар дагы убакты сааты менен колдонсо, ден соолугуна кам көрөт эле», — деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE