Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 2 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КАН ЖЫТТАНГАН БАКЫТ». 2-бөлүм 

 

 

Бекжан Акимович кесиби прокурор, атасы да бул тармакта коп жылдар иштеп азыр ардактуу эс алууда. Атасынын жолун улаган уулу, бул жерге алгач катардагы прокурор болуп жумушка кирсе. Эми атасынын ордун ээлеп баш прокурор болуп иштеп жатат. Ишине так, ар дайым таза иштейт. Бекжан ошол Нурпери менен таанышкан кундон тарта кызга тартыла баштады. Артынан андып журуп болбогон жерден капыстан жолуккан адамдай алдынан чыга калып, бир канча жолу уйуно жеткирип да журду. Чын эле суйуп калды. Ооба алгач ирет сот залында коргондо эле башкача болуп, журогу суйгон. Эми болсо жакындан таанып, суйлошуп коруп андан бетер ашык болду. Озунун иш болмосундо ойго чомулгон Бекжандын оюн катчы кыз бузуп жиберди.

-Бекжан Акимович, сизди телефонго, анан да кече сиз сураган маалыматты алып келдим.

-Рахмат, чыга берсениз болот, — деп трубканы алды.

-Саламдар болсун жигит! Телефондун ары жагынан шандуу чыкты эркектин уну.

-Кандайсыз Султаналы Борубаевич, бешик боонуз бек болсун!

-Рахмат иним, кубанычтамын! Жентек тойго чакырып чалып жаткам.

-Рахмат, буйруса отобуз.

-Анан дагы, — деди тамагын кыра Султаналы.

-Биздин иштер боюнча кенешчу маселе бар. Бир жумадан сон товар даяр болот. Бир машина. Жигиттер да бул жолу экоо гана барышат. Бул жолу Таджикистан аркылуу откоробуз.

-Тушундум байке. Чек ара жагын озум суйлошуп бутуром, сиз андан кабатыр болбонуз. Жигиттер даяр болгондо кабар бересиз да.

-Макул, анда тойдон кутом.

-Саламат болунуз.

Бекжан алдына катчы кыз алып келген Мырзаев Алмаз Арапбаевич деп башталган делону ачты. Нурперини оз акылында менчиктеп, эч кимге бергиси келбей а тугул турмодо жаткан жолдошунан да кызганып журду. Жолдошунун ишин кайра карап, таанышып корууну чечкен болчу. «Ммдаа, наркотик откоруп кармалган жана ок атышуу учурунда бир кызматкерди олтургон. Демек коп жылга олтурат. А эгерде наркотик менен кармалып баары учун озу олтурган болсо, демек мунун устундогулор албетте жакын кундору Алмазды абактан сууруп чыгып кетишет. Мен буга жол бербешим» -деди. Анткени ал чыкса кыздан туболук ажырап калаары турган иш. Алмазды абакта кармоого болгон кучун, бардык таанышын ишке салды.

Оз иштери менен бошой албай кыздан кабар ала элегине коп болуптур. Эшиктин алдында конгуроону басып копко турду. Эч кандай жооп жок. «Уйундо жок окшойт, бирок кеч киргенде кайда кетиши мумкун» — деп башы катты. Телефонуна чалса уйдун ичинен чыгып жатты. Кайра, кайра чалып жооп болбогон сон уйунун арткы тарабына отту. Нурпери биринчи кабатта жашагандыктан, ашкананын терезесин талкалап ичкери кирген Бекжандын мурдуна газдын жыты урунду. Эшик, терезелерди ачып, кызды которуп болмого алып отту.

-Нурпериии?! Ач козунду?! Бул эмне кылганын деги?!

Оозун кыбыратып козун болор-болбос ачкан кыз»Жайыма койгулачы? Менин жашагым келбейт! Мен эми эч кимге керек эмесмин» — деди.

-Сен мага керексин! Уктунбу? Сен жашайсын Нурпери!

Нурпери ыйлап жатты. Кучактап турган бул жигиттен» Сен эмнеге келдин? Мага неге жардам берип жатасын? Эмне керек?» — деп деле сураган жок. Болгону озу которуп жургон кокурогундогу армандан, озуно эмес бут ааламга сыйбас азабынан куткарар жардам сурап турду. Унуткусу келди. Баарын. Алмазды, тушунбой койгон, жада калса тушунууну каалабаган атасын. Анан, анан ымыркайын. Унутуп жашагысы, алыстарга качып, откон жашоосун комуп салгысы келди. Ыйлап жатып «Мени куткар» — деди шыбырап.

Коп отпой Бекжан, кыздын каалоосу менен жумушун да башка шаарга которуп, кочуп кетишти. Нурпери ушул жол менен баарын чечкиси келди. А бирок бул оорудан, оз абийиринин, куноосуз наристесинин, Алмаздын алдындагы куноосунун азабын тартып жашоодон эч качан кутулбасын сезсе да моюндабай койду.

 

 

***

Криминал, мафия, кримдуйно,мыйзамдагы ууру, киллер. Биз бул создорду кино же китептерден гана окуп, коруп келгенибиз менен жашоодо кез келип аралашкан адам аз. Ал эми Баратов бул дуйно менен бала кунунон бери тааныш. Тагыраак айтканда ушул дуйнодо жашады. Бала чагында башка балдардай болуп машина ойноп кочо чанытып балалыктын таттуу кундорунун даамын татпай, курал кармап чонойду. Машыгуу, курош, мушташ менен кун кеч кирип, кечинде жалан гана куралдын турлору жазылган, мушташтын эрежелери уйротулгон китептерди окуп тан аттырчу. Эр жеткенден чон иштерге аралашып, а тугул далай тапшырмаларды аткарып жургон дассыкан кылмышкерге айланды. Чачын дайым тасыратып алып жургон, бою чакан женил кыймылдаган Баратов азыр кримдуйнону башкарган тоболдордун катарында. Республикадагы ар бир ишкер, чиновник, бийлик окулдорунун баары менен тыгыз байланышта. Олкого кирип чыккан мыйзамсыз товардын баары Баратовтун козомолундо. Мыйзамдагы ууру аталып, криминал чойросундогу тартиптерин орнотуп, оз авторитетин жакшы эле сактап келет. Убагында Султаналы Борубаевич менен да тыгыз мамиледе иштешкен. Ал ишкердин да коптогон товарларын откоруп, ташып берген. Борубаевич да иштеген акысын жакшы толоп, алгачкы жылдары карым-катнашы жакшы болгон. Бирок кийин ортолорунда эмне соз отту, же кимиси кайжерден каталык кетирди белгисиз Султаналы мамилесин озгорто баштаган. Белгиленген жерге товарын кечигип жиберип, же болбосо айткан убакта даяр болбой Баратовтун жигиттери бир канча убара тартышкан учурлар каттала баштады. Дээринен жоопкерчиликке, тактыкка катуу конул болгон Баратов, Султаналынын бул аракеттерине жини келип журсо да озун басып ачууга алдырбай унчукпай жургон. Акыркы жолку иштеринде келишим боюнча айтылгандан коп товар откоруп, анысы аз келгенсип акчасын кемитип толоп, жигиттерин жолго салганы эми чындап Баратовтун кыжырын кайнатты. Султаналынын ишин уйронуп чыккан Баратов анын жакынкы кундордон бери шаардык прокротуранын жетекчиси баш прокурор Бекжан Акимович менен мамилеси жакшы экенин билди. Иштин чоо-жайын эми андап тушунгондой. Мындан ары Султаналыга озунун кереги жок, анткени анын эн негизги ишеничтуу коргоочусу баш прокурор бар да. Чек арадан товар алып отуу проблема болбой калды. Эми ал Баратовтун жардамына муктаж эмес. Буга чындап териге тушту. Эгерде Султаналы туз олтуруп Баратовго бул тууралуу озу айтып кенешкенде мынчалык очогушуп калмак эмес. Мунун жинине тийген жери, кудум тоготпос мамиле жасап, келишимди бузганында.

Баратов да эми озундой жооп кайтарууну чечти. Оз адамын Султаналыга киргизип анын жумуш, иштерин изилдеп кутулбогон жерден чон сокку берип Султаналы Борубаевичти бутундой талкалап салгысы келди. Козун тазалап койсо деле болот, бирок озу абака кетпесе да жигиттеринен жок эле дегенде 4, 5 жигит кетери бышык. Анда да аябай кылдаттык менен иштелсе. Дагы ойлонтчу маселе кримдуйнодо да чыр болуп тирешуу журуп кетери турган иш. Кантсе да олкого таанымал миллионер. Ошого ылайыктуу адамды кыдырып акыры бир убактары Алмаз деген бала менен иштешкенин эстеп кетти. Бир убакта ошол Алмаз аркылуу канча чиновникти артынан тушуп иштерин ачкан. Оз ишин билген тынчы болчу. Алмазды, ал жонундогу бардык маалыматты оз булактары аркылуу кыдырууга отту. Алмаз азыр абакта 10 жылга чукулдап калыптыр, кызыгы бирге иштеген командасы учун куноону мойнуна толугу менен алып олтурса да аны эч ким ал жактан кайра чыгарып кете албаганы. Кызык… Бул жерде башка маселе бар. Баратов баарын тыгыз изилдеп чыкты. Алмаздын жубайы жонундо маалыматтарды чогултту эле, Алмаздын эмне учун мынча узака абакта кармалып калганынын себеби чыга келди. Бекжан Акимович! Алмаздын келинчегинин азыркы жолдошу, баш прокурор жана Султаналы Борубаевичтин шериги! Мына сага тагдыр тамашасы, мына сага тагдыр оюну! Мынчалык бурулушту кутпогон. Эми аракетке тушту. Алмазды абактан сууруп чыкканга план ойлоп, ага жон гана шылтоо кылып иш сунуштап ошол аркылуу абактан алып чыгууну коздоду. Болбосо жон эле чыгарам, жардам берем десе Алмаз шектенип калмак. Ошондуктан баарын алдын ала кылдат уйронуп чыгып, пландап анан мынтип Алмазды Султаналыга айдоочу кылып жумушка орноштурду.

 

 

 

***

Али(Алмаздын аты Али болуп озгорду, жумушка орношкондо жаны документ менен кирген) Баратовтун тапшырмасы менен Борубаевичтин айдоочусу болуп иштеп жатты. Негизги милдети кожоюнунун ишенимине кируу. Алгачкы айлары эч кандай маалымат чогулта албай журду, анткени али ишенимге кире элек жон гана айдоочу болгондугуна байланыштуу жеке жолугушууларга, же болбосо дагы башка суйлошуулоруно озунун жан сакчылары менен гана барып журду. Али болсо кобунчосу фирмасына барууда же уй-булоосу менен эс алууга чыкканда айдап чыгат. Калган убакта буйрук кутуп Султаналынын хан сарайдай болуп зангырап салынган 3 кабатту уйунун алдында турат. Биринчи кундору Али Султаналыга карап эч кандай шектуу нерсе деле байкабады, кадимки катардагы жеке ишкер. Бирок бир аз убакыт отуп, анын тун ичинде да кайдадыр бара жатканын, кээ кундору уйунун айланасын катуу коргоону кучотуп жан сакчыларын кобойтуп койгонун коруп «жок, бул жерде башка сыр бар» — деди. Анткени бул олкодогу катардагы жеке ишкерлер мынчалык куралданып жургон жан сакчы менен журушпойт. Кожоюнунун аялы да ар дайым жан сакчы менен журот. Чон уулу чет мамлекетте окуп, ошол жакта жашап калган экен. Ал эми бул уйдун кубанычка болоп, тунжураган муздак тынчтыкты бузуп, майрам кылып жургон алардын 9 жаштагы кызы болчу. Али биринчи жолу кызды коргондо журогун башкача жылуулук аралап откон. Жумшак болуп сербендеген чачтары, мончоктой тоголок козу, анан да кулгонундо жузундо пайда боло калган уяча да кызды татынакай корсотуп турат. Негедир бул жуз тааныштай сезилди. Кичинекей бул наристенин коздорун мурун да бир жерден тиктеп жургондой сезимге кабылды. Эрте менен Султаналы Борубаевич кызын озу менен кошо ала кетет мектепке, жол катар ар кандай тугонбогон суроолорду берип, шоктонуп бара жаткан кызды коруп Али жылмайып коет. Ал кызга башкача мээрим, же тартылуу сыяктуу сезим бар. Эсептеп коргондо озунун баласы же кызы да ушуга жашташ болуп калат экен. Балким ошондуктан болсо керек кызды жакшы корот.

Султаналынын жашоосуна кызы кирип келгенден баштап ал озгорду. Мунозу жумшак тартып, кээ кундору кызы менен кадимкидей жаша бала болуп ойноп кетчу. Катаал мунозу жузуно чыгып, корс суйлогон Султаналы кызы Ханайым менен суйлошкондо, анын жанында жургондо такыр башка адам. Жаны кызды алып колуна беришкенде анчейин деле мээрими тушкон эмес. Кантсе да оз канынан жаралган балага тенеп болобу? Жибек учун, аны сактап калуу учун гана кызды кабыл алган. Аялынын жашоосу ушул наристеге байланып калды. Бардык болгон дуйнонун туйшугуно кол шилтеп кызын гана кучагына басып, кызын гана эрмектеп, бактылуу журду. Аялын карап аны коп жылдан бери мынчалык бактылуу корбогонун эстеди. Дайым сустайып, суроттой телмирип турган жузу жаркып ажарлуу да боло тушту. Ооба бала деген бакыт эмеспи? Баланын баа коюлбас жытына дуйнонун болгон байлыгын токсон да тен келбестир! Баласыз жыйган мал-мулкун да бакыт болуп бере албасын мына ушул миллионердин жашоосун карап билсек болчудай. Колунда ченгелдеп кармаган байлыгы, башкарып алган бийлиги, коптор самаган, коптор учун кыял болгон акчасы, дуйнонун торт тарабын айланып чыкканга мумкунчулугу бар чиновниктин аялы озун дуйнодогу эн бактысыз аял сезчу. Ал жопжонокой аялга берилуучу аялдык бакыт, апа болуу бактысын ушул болгон байлыгына алмашууга даяр эле.

Эсинде Жибек колуна кызын кармата коюп экинчи кабатка упчу издеп чыгып кеткен болчу. Султаналы карылуу колдору менен наристени олдоксон кармап турду. Киичинекей алакандай болгон кызыл эт кокурогундо аран дем алып жатат. Улам чукуранып бирдемке издегендей башын ары бери чулгуп коет. Бир убакта Султаналы колу менен кыздын колдорун кармайм дегиче соомойун капыстан мыжыгып кармап алды наристе. Кичинекей колдору менен улам атасынын соомойун кысып кармап, уктап жаткан жеринен болор-болбос жылмайып койду. Султаналынын ичи жалындап, аталык мээрими эми тогуло баштады, экинчи кабаттан шашыла тушкон Жибек:

-Ыйлаган жокпу, — дегенде.

-Жибек карасан, мага кулду. Колумду кармаганын кара, мени тааныды ата деп, карасан, кетпе деп жатат, — деп жаш баладай кубанып суйунчулогон.

Мына ошол кундон тарта Султаналы кызды жер, кокко ишенбей которуп, эркелетип журуп остурду. Кыз да атасына озгочо жакын. Баары ушундай болуп бутмок беле ким билсин, эгерде бул уйго Али келбегенде. Тагдыр алдыда булар учун дагы кандай калпыс бурулуштарды, тикендуу же жашыл шибер болгон жолду даярдап турганы табышмак.

 

Уландысы бар :

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE