Пример HTML-страницы

С.Жапаров Түндүк—Түштүк альтернативдик жолунун ачылышы кайсы мезгилге пландалып жатканын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезидент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кадамдар жүрүп жатканын белгиледи.

Өлкө башчы адегенде республикадагы билим берүү мектептерин, бала бакчаларын жакшыртууга көңүл бөлүнүп жатканын, былтыркы жылы билим берүү тармагында 100 объекти бүткөрүлгөнүн айтты.

«Майлуу-Суу электр лампа заводу 1 млрд сомго, “Кыргызнефтегаз” ААКы 410 млн АКШ долларына модернизацияланууда. Түндүк—Түштүк альтернативдик жолун күзгө чейин ачалы деп жатабыз. “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун 2-этабы башталат.

Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү чачыранды соода жайларды иретке келтирүү үчүн 22 гектар жерге базар курулганы турат. Жеңил жүк ташуучу унааларды чогулта турган завод ачууну көздөп жатабыз. Бул аракеттер көрүлсө, жергиликтүү бюджетке да каражат түшөт», — дейт өлкө башчы.

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулуш иштери бүткөрүлсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE