Пример HTML-страницы

Панфиловдо «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районунда «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» кароо-сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Кароо-сынак В.Я.Захарченко атындагы Чалдыбар орто мектебинин базасында райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана билим берүү бөлүмдөрү тарабынан уюштурулду. Ага 21 команда катышты.

Жыйынтык:

— 1-орун — В.Я.Захарченко атындагы Чалдыбар №1 жалпы билим берүү орто мектеби;

— 2-орун — А.Осмонов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби;

— 2-орун — К.Сулайманова атындагы Кайынды жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясы.

Ошондой эле командалар «Саптык кароо», «Жол эрежесин мыкты көзөмөлдөөчү», «Болочок айдоочу», «Жол эрежелеринин мыкты билермандары» «Жол эрежелеринин өлкөсү», «Отряддын видеоролиги», «Келечектеги коопсуз Кыргызстан!» номинациялары боюнча да ат салышты. Жеңүүчүлөр кубок, ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE