Пример HTML-страницы

Кара-Кулжа районунда катуу сел жеңил унааны агызып кеткен. Бир киши каза болду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунда селдин кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымында жеңил унааны сел суусу агызып кеткен.

Унаанын ичинде 1 эркек, 2 аял жана 1 жаш бала болгон (аты-жөндөрү такталууда).

2 аял менен жаш баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал эми унаанын айдоочусун сел агызып кеткен.

Издөө иштерине Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 11 куткаруучу тартылып, айдоочунун сөөгүн сайдан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

—————

Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 18-20-41-чакырымдарынын Таш-Кыя тилкесинде сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылган.

Тазалоо иштерине №26 жол тейлөө мекемесинен 2 жүктөгүч, 1 грейдер жана Кара-Кулжа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылып, жолдун бир тарабы ачылган.

Бүгүн, 21-апрелде тазалоо иштери улантылат.

—————

Буга чейин Ош облусунун айрым райондорунда сел жүргөндүгү кабарланган. 2024-жылдын 20-апрелинде болжол менен саат 17:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош—Гүлчө—Сары-Таш—Иркештам унаа жолунун 45-49-чакырымдарында 2 тилкеге сел түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Ошондой эле, Алай районунун Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында сел жүрүп, Гүлчө—Жошолу ички чарбалык унаа жолунун 7 чакырымы жабылган.

Жерине Тилектеш айыл аймагынан грейдер тартылып, унаа жол саат 19:30да тазаланып ачылган.

Мындан тышкары Кара-Суу районунда жаап өткөн жаандын кесепетинен Кызыл-Суу айыл аймагынын Чаеке айылында сел жүргөн.

Алайдын Корул айылында сел жүрүп, унаа жолдорго зыян келтирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE