Пример HTML-страницы

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы Космосбек Исмаилов депутаттык мандатынан ажыратылды

Акыркы жанылыктар

TurmushГүлчө айылдык кеңешинин төрагасы Космосбек Исмаилов депутаттык мандатынан ажыратылды.

Маалыматты БШКнын Алай, Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлү Максат Алмазбек уулу ырастады.

Маалым болгондой, аймактык шайлоо комиссиясы Алай райондук сотунун 27-июлундагы айыптоо боюнча өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киргендигинин негизинде 28-мартта мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алган. Борбордук шайлоо комиссиясы 4-апрелдеги 30-токтомунда аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитип берген.

Космосбек Исмаиловдун ордуна кезекте турган Туйбаев Шерманбет Адышбаевич депутат болуп дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2024-жылдын 19-мартындагы токтому менен Ош облусунун Алай райондук сотунун 2023-жылдын 27-июлундагы жана Ош облустук сотунун 2023-жылдын 14-ноябрындагы И.К.Т. тууралуу өкүмдөрү күчүндө калтырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE