Пример HTML-страницы

Балдарга айтууга болбогон фразалар.

https://kyrgyzcha.site/?p=4899&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

~БАЛДАРГА АЙТУУГА БОЛБОГОН ФРАЗАЛАР~

 

Балдарыбызды тарбиялоодо колдонуп жүргөн айрым фразаларды психологдор балдарга карата колдонбоону сунушташат.

 

“Агаңдан (эжеңден) үлгү ал”. Башка бирөө менен салыштыруу баланы өзүнө ишенбөөчүлүк сезимге алып барат. Ошондой эле бул нерсе кызганчаактыкты жана балдар арасындагы атаандаштыкты жаратат.

 

“Атаңдан (апаңдан) сурайбыз, коё тур”. Жоопкерчиликти түгөйүңүзгө түртө коюу балаңыздын сизди укпай калышына себеп болот.

 

“Эгер мени укпасаң, желмогузду чакырам”. Коркуу баланын психикасына жаракат келтирип, коркунучтуу түштөрдү көрүүсүнө алып келет. Мындан тышкары мунун баары жалган экенин билгенде балаңыз сизге ишенбей калат.

 

“Бол батыраак, болбосо, таштап кетип калам”. Балдар жалгыздыктан коркушат. Аларды тынчсыздандыруу туура эмес.

 

“Бул оңой эле. Эмнеге сен жасай албай жатасың?” Балаңыздын өзүнө-өзү баа берүүсүн бузбаңыз. Мындай суроо алардын кыжырын келтирип, “мен эч качан эч нерсе жасай албайм” деген өзүнө ишенбөhttps://kyrgyzcha.site/?p=4899&preview=trueөчүлүк сезимди туудура алат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE