Пример HTML-страницы

МУСУЛМАНДЫН 5 ПАРЗЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=55388&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

=МУСУЛМАНДЫН 5 ПАРЗЫ=

Аллах Таалам өзүнүн пенделерине 5 нерсени парз кылды:

1.Шахадат (күбөлүк келимеси)

2. Беш убак намаз окуу

3. Зекет

4.Орозо кармоо (жылына бир жолу Рамазан айында)

5.Хаж ибадатын аткаруу (өмүрүндө бир жолу).

Эми ушулардын ар бирине кыскача токтоло кетсек. Бул беш парздын ичинде Аллах Таалам пендесине бүтүндөй бир эки дүйнөнүн бактылуулугун тартуу кылган. Ар биринде Аллах Тааламдын жакшылыгы, нематы бар.

1. ШАХАДАТ айтуу менен пенде Аллах Таалага ыйман келтирип, Мухаммад (салаллоху алейхи уа саллам) Аллах Таала жиберген акыркы пайгамбар экенин кабылдоо. Муну айтуу менен пенде эң туура, эң жакшы, эң бактылуу, тынчтыктын дини болгон- ислам динин кабыл алат. Бул деген бүтүндөй бактылуулук!

2. Беш убак намаз.

Намаз- бул Аллах Субхану уа Тааланын пендесине берген эң чоң белеги, ибаадаттардын эң жогорку даражасы, бул деген пенденин Жаратуучусу менен болгон баарлашуусу. Анткени, намаздын ичинде бир канча ибаадаттар бар. Мында даарат, ниет, Аллахка сажда кылуу, Пайгамбарга (салаллаху алейхи уа саллам) салават айтуу, дуа, зикир камтылган. Намаз менен пенде өзүнүн Эгеси болгон Аллах Таалага жакындайт, туура жолго багыт алат, ыйманын бекемдейт, жүрөгү, денеси тазарып, жан дүйнөсү тынчтык табат,Акыреттеги эң биринчи суракка даярданат.

Намаз тууралуу хадисте төмөндөгүчө айтылат: «Бейиштин ачкычы- намаз, намаздын ачкычы- даарат». (Ахмаддын Муснады).

Намаз бул- шайтан наалатыга каршы болгон эң күчтүү курал.

3. Зекет.

Зекет деген- бул пенденин адал эмгек менен тапкан ырыскысынан Аллах жолуна сарптоо.

Муну менен Аллах Таала Өз пендесин берешендике, кең пейилдүүлүккө, боорукерликке, жакшылыкты жакшылык менен кайтарууга үндөйт, муктаж болгон бир туугандары да бар экенин пенденин эсине салып турат. Анткени, зекет муктаж адамдарга берилет. Муктаждын муктаждыгын аткаруу менен пенденин Жараткандын алдында даражасы көтөрүлөт. Хадисте айтылгандай:

«Ким бул дүйнөдө бирөөнүн муктаждыгын аткарса, Аллах Таала кыяматта анын муктаждыгын аткарат» деп айтылат эмеспи.

Зекет- бул Аллах Таалам берген ырыскысына ыраазычылык, шүгүр, рахмат айтуу.

Зекет бергендер тууралуу Кураанда:

«Ыйман келтирип, жакшы амал кылган (өзгөчө) намаз окуган, зекет бергендердин сооптору Роббилеринин алдында. Аларга коркунуч да, кайгыруу да болбойт» деп айтылган. (Бакара:277).

4. Орозо кармоо.

Теңдикти сүйгөн Аллах Субхану уа Таала бир жылда бир жолу Рамазан айында 30 күн орозо кармоону парз кылды. Муну менен Ал ачкалык эмне экенин билбеген пенделерине, жегенге эч нерсеси жок, күндөп- түндөп ачка жүргөн мусулман бир туугандарынын акыбалын ар бир инсан өзү сезип, билип көрсүн, ачка болгондо тамактын, суусаганда суунун кадырын билүүгө үндөдү. Ошондой эле, орозо менен Аллах Таала пендени сабырдуулука үйрөтөт. Инсан орозо кармоо менен жүрөгү жумшарат, барга да, жокко да сабыр кылууну үйрөнөт. Кураанда «Аллах сабырдууларды сүйөт» (Аалу Имран: 146) деген аят келет.

Орозодо Аллах Тааламдын пендесине берген убадасы бар. Анткени, «Орозону пендем мен үчүн кармайт, ошондуктан анын сыйлыгын Өзүм берем» деген. Ошондой эле орозо кармагандар үчүн чексиз Берешен Аллах Таала Бейиште атайын «РАЙЙАН» эшигин ачып койду. Ал үчүн чексиз шүгүрлөр болсун!

5. Хаж.

Аллах Таала өз пенделерине эгер мүмкүнчүлүгү болсо, өмүрүндө бир жолу хаж ибаадатын парз кылды.

Хаж- бул Аллах Субхану уа Тааланын үйү болгон ыйык Каабаны, эң биринчи мусулманчылык башталган, Кураан аяттары түшкөн жерди, Пайгамбарыбыз (салаллоху алейхи уа салламдын) баскан жерлерин, анын мечитин, сахабалар мекендеген жерди зыярат кылуу. Ар кандай нерсени угуп койгон башка, бирок көз менен көргөн башка таасир берет. Ошол сыңары, Ыйык Кураандын мекенин, Пайгамбарыбыз (салаллоху алейхи уа саллам) үммөтү үчүн азап чексе да, сабыр кылуу менен туура жолду баштап, басып өткөн жерлерди зыярат кылуу менен, пенденин Аллах Таалага, Пайгамбарыбыз (салаллоху алейхи уа салламга) болгон сүйүүсү, арзуусу жогорулап, ыйманы ого бетер бекемделет ин шаа Аллах. Ошону менен катар Хажда кылынган ибаадаттардын сооптору, башка мезгилде кылынган ибадаттардын сообунан бир канча эсе көп болот.

Жогоруда айтылган беш парздын эч биринде пенде үчүн кыйынчылык жаратылган эмес, тескерисинче, ар биринде Жараткандын нематы, пендесине болгон камкордугу, берешендиги, чексиз жакшылыктары, эки дүйнөнүн бактылуугу камтылган.

Келгиле, мусулман бир туугандарым, ушул Чексиз Мээримдүү, чексиз Берешен, чексиз Кечиримдүү Аллах Субхаану уа Таалага баардык мактоолорду, шүгүрлөрдү айтып, жогоруда айтылган беш парзды чын ыкласыбыз, жүрөгүбүз менен аткарып, эки дүйнөнүн бактысына ээ болууну арзуу кылып жашайлы.

Ар дайым ар бириңиздерге Аллах Тааламдын ыраазылыгын тилеп мусулман бир тууганыңар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE