Пример HTML-страницы

АЯЛЫҢЫЗГА ДА ТУУРА ЖОЛДУ КӨРГӨЗҮҮ — СИЗДИН МИЛДЕТИҢИЗ

https://kyrgyzcha.site/?p=55298&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

АЯЛЫҢЫЗГА ДА ТУУРА ЖОЛДУ КӨРГӨЗҮҮ — СИЗДИН МИЛДЕТИҢИЗ

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Эркекти бай кыла турган, үй-бүлөнү берекелүү кыла турган аял — бул ысырап кылбай турган, кур кыялдарга, ашыкча буюмдарга берилбеген аял», — деп айткан. Күйөөнүн мүлкүн сактоочу, артыкча ашыкча буюмдарга кызыкпай, «күйөөм балдарымды багып жатат,бизге көңүл бөлүп, кыйынчылыктар менен таап келип жатат, ушуну ысырап кылбай үнөмдөйүн»деген аял үй-бүлөгө береке алып келет. Бирок жеңил ойлуу аялдарыбыз да бар,күйөөсү бир аз жакшыраак тапса, «алтын сөйкө, күмүш алып бер, тон кийемин», -деп, келген насипти коромжу кылууга шашат. Азыркы күнү күйөөгө чыккан кыздарга берилип жаткан кийим-кечектердин, буюм-тайымдардын кымбаттап кетүүсүнө ошондой умтулуулар себеп болууда. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын сахабаларынын бири: «Кур кыялдарга берилип, кымбат буюм, мал-дүнүйөгө сугалак болгон аялдардан Кыямат Күнү сурак кылынардан мурда алардын күйөөлөрү суракка тартылат», — деп айтыптыр. Демек, Кыяматта Аллах бул күнөөлөрдү эркекке жүктөп, аялдарын ушундай кылып койгондуктары үчүн күйөөлөрүн суракка тартат. Ошондуктан каниет- топуктуулук тууралуу аялдарга ачык насыят айтуу керек. Аялыңызга, бала-чакаңызга харам менен халалдын айырмачылыгын үйрөтүңүз. Ынсапсыздык, каниетсиздик, текеберлик -оор күнөө экендигин түшүндүрүнүз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE