Пример HTML-страницы

АРАМ ТАМАК АШ БОЛБОЙТ.

https://kyrgyzcha.site/?p=55357&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

АРАМ ТАМАК АШ БОЛБОЙТ.

Бирок анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, азыгы арам анан кантип анын дубасы кабыл болсун» – деп айткан. Дубасы өтө бат кабыл боло турган

адам, алсапардагы адам. Бирок тамагы арам болгону үчүн, Аллах Таала мусапырдын да дубасын кабыл кылбайт. Ошол үчүн

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) арам

тамактан сактанууга өтө көп насыятын айткан. Бир хадисте:

«Бир адам үчүн арам тамакты жегенче,топуракты жегенижакшыраак болот» – деп айткан. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) тарбиясын көргөн

сахабалардын бири Абу Бакр Сыддыктын (Аллах андан ыраазы болсун) колунда кызмат кылган жаш жигит бар эле. Кээде

анын алып келген тамактарынан Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) да тамактаныпкалчу. Бирок ар дайым тамакты кайдан таап келгенин сурап анан кийин гана жечү. Бир жолу баланын алып келген курмаларынан бир даанасын жеп коёт да, андан кийин аны кайдан алгандыгын сурайт. Динди кабыл ала элек мезгилимде жалгандан көзү ачыктык кылып, бир адамга келечегин айткан элем, ошонун акысы деп бул курмаларды эми алып келиптир деп жооп берет бала. Абу Бакр

(Аллах андан ыраазы болсун) сөөмөйүн оозуна салып кусууга

аракет кылат, бирок куса албайт. Кайра-кайра суу ичип акыры ичиндегини кусуп чыгарат. Жанындагылар бир курмага да

ушунча кыйналасыңбы деп таң калышканда, «жаным менен

бирге чыкса да чыгаратболчумун» дейт Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун). Анан Аллахка дуба кылып, оо, Аллахым, ушул курманын аш казанымда калып калган бөлүгү болсо, ал үчүн мени кечир деп суранат. Улуу аалымдардын бири: «оорудан сактанып, адал тамактан өзүн тыйган, ал эми тозоктон сактануу үчүн арам тамактан өзүн тыйбаган адамдарга таң

калам – деп айткан экен. Абу Ханифа (Аллах ага ырайым кылсын):

Мен,«каапырларга даярдалган тозоктон сактангыла»

деген аяттан аябай корком. Анткени, бул аят арам тамак менен тамактангандарга тиешелүү – деп айтчу. Сахл: (Аллах андан ыраазы болсун) арам менен тамактанган адамдын денеси

өзүнө баш ийбей калат да каалаган күнөөлөрдү жасай берет деп айткан.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Келгиле буга чейин, тапкан тамагыбыздын кайдан келип

жатканына көңүл бурбай жүргөн болсок, бүгүндөн баштап,

тамагыбызга көңүл буралы. Келечекте биздин артыбызда тукумубузду улап калуучу балдарыбызды адал тамак менен тамактандыралы. Аллахтын алдына барганда арам тамак себебинен тозоко түшүп калуудан сактаналы.

Аллахым ар бирибизди адал тамак менен тамактануучу

пенделерден кылгын. Арамдан баардыгыбызды алыс кылып, адал ырыскыңдын эшигин ач. Баарыбыздын билип-билбестен

жасаган күнөөлөрүбөздү кечирип,төбүлүктүү бейиште чогуу

кылгын.Ассалааму алайкум ва рахматул-Лоохи ва барактуху.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE