Пример HTML-страницы

Өмүрүнө кол салгандарга Пайгамбарыбыздын мамилеси

https://kyrgyzcha.site/?p=55047&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

⚜ *Өмүрүнө кол салгандарга Пайгамбарыбыздын мамилеси*⚜

 

Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) жана анын динине душмандай мамиле жасагандар элди Андан (саллаллаху алейхи васаллам) оолактатуу үчүн ар кандай план түзүп, катаал мамиле жасашкан. Бирок Алла Таала Аны (саллаллаху алейхи васаллам) адамдардын жамандыгынан сактап, кара өзгөйлөр максаттарына жете алышкан эмес. Алардын ниетин жакшы билген Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) катаалдыкка каршы жылуу мамилеси менен кара ниеттерди таш каптырган. Күн сайын мусулмандардын саны өсүп баратканын көрүп, ичи тарыган душмандары Анын (саллаллаху алейхи васаллам) жанын кыюуга аракет кылышкан. Ошол кол салуулардын кээ бирин айта кетели:

 

*Умайр бин Вахбдын кол салуусу*

 

Бадр согушу Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) жана мусулмандарга өчүгүп, тишин кайраган меккеликтер үчүн орду толгус чоң жоготуу болду. Себеби алар мусулмандардын укугун тебелеп, кордук көрсөтүшчү. Ислам дининин буйруктарын кысымга кабылбай аткаруу үчүн ж.б адамдарга жеткирүү үчүн Ата-Мекенинен алыска көчүүгө мажбур болгон мусулмандар Алланын Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) аскер башчылыгы астында анык жеңишке жетишкен. Абу Жахил баш болгон ширктин, катаалдыктын жана ар кандай жамандыктын ээлери Меккеде калып ал жай мушриктер үчүн аза күтүүчү жайга айланган. Алар башына келген окуялардан сабак алуунун ордуна буттары менен кирдеткен ыйык Каабанын айланасындагы капырлыгын ашырып, дүйнөнү мусулмандарга тарытуунун Мээрим Пайгамбарынан (саллаллаху алейхи васаллам) өч алуунун жана Аны (саллаллаху алейхи васаллам) өлтүрүүнүн планын түзүп жатышты. Жахилият доорунун “шайтаны” Умайр бин Вахб да ошолордон эле. Бадрда жеңилгенден кийин жашоодон өлүм артык деп калган Савфан бин Умайя менен Хижрда олтуруп акылдашты. Ал Мадинага барып, шек туудурбоо үчүн Бадр туткундарынын арасындагы уулуна келгендигин айтып, уу сүйкөлгөн кылычы менен Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) өлтүрмөкчү болду. Бул ишинин акысы катары Сафван бин Умайя анын бардык карыздарын өз мойнуна алмакчы, эгер ага бир нерсе болсо анын үй-бүлөсүн да багууга сөз берди. Умайр кылычын курчутуп, уу сүйкөду анан Сафван экөөсүнүн ортосунда гана сыр бойдон кала турган кара ниетин ишке ашыруу үчүн жолго чыкты. Мадинага келип, төөсүн мечиттин эшигине байлаганын азирети Умар (радиаллаху анху) байкап калып, дароо Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанына барды. Алланын душманы Умайр бин Вахб кылычын курчанып келгенин ага кабар берди. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Аны менин жаныма алып кел!» деди. Бирок азирети Умар (радиаллаху анху) Умайрга эч ишенчү эмес. Ошондуктан аны Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) менен жалгыз калтыргысы келбеди. Анын нускоосу менен сахабалар Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) айланасына тизилишти. Умайр мечитке киргенде Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) анын эмнеге келгенин сурады. Умайр бир топ жалганды айтканы менен Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) эч бир сөзүнө ишендире албады. Акыр аягында Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Сен чындыкты айта албай жатсаң, анда мен айтайын. Сен Савфан экөөң баланча жерде ушинтип сүйлөштүңөр, сен мени өлтүргөнү келдиң. Мунун акысына Савфан сенин карыздарыңды төлөп, үй-бүлөңө карашмакчы болду» деди. Умайр башка чапкандай абалда калды. Себеби муну Савфандан башка эч ким билген эмес. Ага кошумча жанын кыйганын келе жатканын билип туруп, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) аны мечитке киргизди жана эч кандай жамандык кылган жок. Бул кереметтер анын жүрөгүндөгү муздарды ээритүүгө жетиштүү болду. Ошол жерде келме келтирип, мусулман болду жана туура жолго салган Аллага мактоо айтты. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ага Исламды, Куранды жакшы үйрөтүп, туткундарын бошотууга буйрук берди. Мадинага Алланын Элчисин (саллаллаху алейхи васаллам) өлтүрүүгө келген азирети Умайр (радиаллаху анху), Ислам динин жаюу үчүн уруксат сурап, Меккеге кайтты. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) мээрими «шайтан адамды» Ислам дининин баалуулуктарын жайган азаматка айлантты жана анын ортомчулугу менен бир топ адамдар мусулман болушту.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE