Пример HTML-страницы

Орозонун пайдасы

https://kyrgyzcha.site/?p=55552&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Орозонун пайдасы

 

Орозо – руханий, коомдук жана медициналык жактан пайдалуу. Орозо руханий тазалыкка жана ибадаттын түрлөрүнө, моралдык тарбияга эң пайдалуу жана тийгизген таасири өтө чоң. Жогорудагы аятта айтылгандай, орозонун дагы бир пайдасы Алланын алдында таквалыкка (Алладан коркуштук) тарбиялайт. «Эй момундар! Таква адамдардан болушуңуздар үчүн силерден илгери өткөндөргө парз кылынгандай, силерге да саналуу күн орозо тутуш парз кылынды» Бакара -183 аят. Орозо бул пендени Алланын адал кылган нерселерин көбүрөөк жасап, арам кылган нерселерин такыр жасабаштыкты түшүндүргөн таквалыктын кучагына алат. Мына ушунусу менен орозо туткан киши Алланын каарынан жана тозоктун отунан сактанат. Орозо бул Кудайдын пендесин бул дүйнөгө да жана Акыретте да чоң ийгиликтерге жеткирет. Орозо адамды кыйынчылыктарда чыдамдуулукка, туруктуулукка, сергектикке тарбиялайт, анткени ал өз ыктыяры, каалосу менен напсисин тыйганга үндөйт. Орозонун пайдалуу жагы, жыргалчылыкка берилген өзүнүн напсисин жеңгенге жардам берет. Эгерде адам ар дайым напсиси каалаган нерсеге макул боло берсе, ал үстөмдүк кылып, акыры жамандыкка алып келет. Алла Таала Куранда: «Акыйкатта напси жамандыкка түртөт (үндөйт) – эгер Роббим ырайым кылбаса» Юсуф 53-аят.

Орозо кармаган киши напсисин ооздуктап, аны башкарууда жеңишке ээ болот. Орозо Адам баласынын каны жүгүргөн кан тамырлар аркылуу денеде жүргөн шайтандын жолдорун бууйт. Эгер Кудайдын пендеси напсисин агытып кумарга берилсе, анда шайтанга алдырып, ал аны адаштырып жамандыкка, текеберчиликке, ж.б. бузукулуктарга алып барат. Орозо мына ушул эшиктерди жылчыксыз бууп шайтанды кубалайт. Орозонун пайдасы ал Алланын пендесине болгон ырайымын эскертет, анткени качан ачка болгондо, чаңкаганда ал ар дайым тамакка жана суу-сундукка муктаж болгондо Алланын канчалык ага ырайым кылып эч кыйынчылыксыз аларды жеткизгенин билет. Жана Кудайдын кулу Аллага ыразычылыгын билдирип, ага муктаж экендигин билдирип мойнуна алат. Орозо бул кедей-кембагалдарга жана муктаждарга жакшылык кылууга түрткү болот. Ачка болуп орозо кармаган киши ачкаларды ойлойт, суусагандын кадырын билип чаңкагандарды эстейт. Бул аны кедей-кембагалдарга жакшылык кылганга, мартыкка тарбиялайт. Орозо текеберчиликти, кекирейүүчүлүктү басат. Эгер бай же кедей, падыша же кембагал, аксөөк же жөнөкөй адам орозо кармаса, анда пенделер бири экинчисинен бир гана таквалык жактан гана өйдө тураарын эстейт, анткени баардык адамдарга Алланын өкүмү бирдей. Орозо мусулмандардын макулдаштыгына жана бири-бири менен болгон байланышын күчөтөт, анткени алар бир убакта бирге орозо тутушуп, бирге ооз ачышат. Мына бул алардын башын бириктирип, бири-бирин жаман көрүүдөн жана алардын ажыраштыруу себебин жок кылат. Орозо Алланын буйруктарына моюн сунууга жеңилдик алып келет. Эгер ким болбосун Рамазан айында орозо кармаган адамдардын абалдарын байкап турса, ошондой эле алардын көбүрөөк жакшы иштерди аткарганга мүмкүнчүлүктөрдү издеп, жаман иштерден алыстап, сооп тапканга умтулгандарын көрсө, ал киши орозонун туура жолдун эң бир чоң багыттарынын бири экенин түшүнөт. Ошондой эле ал Алланын: «Эгер билсеңер, орозо кармаганыңар өзүңөр үчүн жакшыдыр» Бакара 184-аят. Жана пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васалламдын хадисинде «Орозо – бул калкан» мындайча айтканда эмнеден корксо ошондон коргонуш. Орозо бул ден-соолуктун чыңдалышына, ашказанды аралашкан аш кылалбай турган тамактардан тазалайт, иче карынды тазалайт, аш казандын иштешин оңдойт. Денени ар кандай шлактардан тазалайт, ичтеги чогулган майларды эритет, ичке топтолгон майларды сорот. Орозо бул дилдеги бузукулуктан бошотот, денени катуу оорулардан тазалайт ж.б. толгон пайдалары бар.

 

Орозонун Рамазан айындагы айрыкча жакшы жактары

 

1. Рамазан айында бейиш эшигин ачат, ал эми тозок эшигин жабат.

2. Рамазан айында орозо кармаш, баардык мурунку жасалган күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.

3. Улук Алла Таала пендесинин дуасын (өтүнүчүн) орозону бузмайынча кабыл кылат.

4. Бул айда бир түн — кылган ибадаттарыбыз даражасы боюнча миң айдан артык болгон «Кадыр түн» бар.

 

Рамазан айынын башталышын аныктоо

 

Рамазан айынын башталышы эки жол менен аныкталат:

1. Рамазан айынан мурунку шаъбан айынын бүтүшүн билиш (эгер 30 күн болсо анда 31-күн бул сөзсүз түрдө Рамазан айынын 1-күнү болуп эсептелет).

2. Жана асмандан айдын көрүнүшү. Эгер шаъбан айынын 30-түнү ай көрүнсө анда Рамазан айынын башталышы деп эсептелип ай бүткүчө орозо кармашыбыз керек. Бул жөнүндө Алла таала Куранда мындай деп буйруду: «Кимиңер бул айга күбө болсоңор, орозо кармагыла»,-. Бакара 185-аят.

Мына ошондой эле пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам «Эгер айды көрсөңөр орозо туткула жана дагы айды карап ооз ачкыла, эгер силерге ай көрүнбөсө анда отуз күн санагыла» Айдын чыкканын көрүп ошол өлкөдөгүлөр орозо кармашы керек. Анткени жер шартына жараша айдын көрүнүшү Азияда Европага караганда айырмаланат, ал эми Африканы Америкага салыштырсак, ошентип ар жерде элдер өздөрү орозонун башталыш убактысын аныкташат. Ал эгер дүйнөнүн бардык мусулмандары кайсы бир өлкөдө айдын көрүнүшүнө карап башташса анда биримдик бир туугандык жактары айтылган исламдын артыкчылыктарынан болмок.

Рамазан айынын башталышын аныктоо үчүн бир же эки кишинин ай көрүшү жетиштүү, анткени пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам Рамазан айынын башталышында айды көргөн бир кишинин күбөгө өтүштүгүн уруксат берген. Ал эми Рамазан бүтүп шаввал (ооз ачуу) айынын башталышын эки калыс кишинин күбөгө өтүштүгү керек. Пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам Рамазандын бүтүшү жана ооз ачуунун убактысы келгенин бир калыс кишинин күбөгө өтүшүн уруксат берген эмес.

 

Рамазанда орозо кармаш парз

 

Рамазанда орозо кармаш – Куранда, Сүннөттө, жана үммөттөрдүн чечиминде парз.

Орозо исламдын беш устунун бири.

Алла Таала Куранда: «Рамазан айы – бул айда адамдарга түз жолду көрсөткөн жана чындык менен жалганды ажыратуучу Куран түшүлүлгөн, кимиңер бул айга күбө болсоңор, орозо кармагыла» Бакара 185-аят.

Жана пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам: «Ислам беш нерседен турат: Бир Алладан башка сыйына турган чыныгы ыйык зат жок. Мухаммад Анын элчиси, намаз, орозо, зекет, ажылыка баруу» Муслим.

 

Орозонун устундары

 

1. Өз каалоосу менен чын жүрөктөн орозо кармашка ниет кылуу жана Кудуретүү Улук Алланын Буйруктарына моюн сунуп, ага жакындоо. Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам: «Акыйкатта амалдар ниетке жараша болот», -деп айткан.

2. Орозону буза турган тамак же суюктуктарды ичүү, жыныстык катнаш жасоо ж.б. нерселерден өзүн тыюу.

3. Убактысы күндүн таң аткандан күн баткынча жарык бөлүгү.

 

Орозонун шарты

 

Орозонун парз кылынган үч шарты.

1. Балакатка жетүү (шарият боюнча).

2. Акыл эси ордунда болуу.

3. Орозо кармаганга чамасы бар киши.

* Аялдардын орозосу туура болушу үчүн айыз жана нифастан таза болуу.

 

Орозонун убагында:

 

1. Ооз ачууну созбой күн батар замат ооз ачуу.

2. Оозду кургатылган же жаңы курма менен, же суу менен ачуу. Мүмкүн болсо так сандар менен мисалы, үч курма жеш же үч ууртам суу ичүү.

3. Ооз ачып бул дуаны окуу: «Аллохумма лака сумту ва ъала ризкыка афтарту»

4. Таң атканга чейин орозо кармаганга ниет кылып тамак ичүүнү (саарлык) токтотуу.

5. Саарлыкты (ооз бекитүү) түндүн акыркы бөлүгүнө калтырыш.

6. Алланын буйруктарына моюн сунуп , жакшы амалдарды кылууга тырышуу.

7. Башкалар таарынтса, ага сабыр кылуу. Эгер орозо кармаган кишини тилдесе анда ал «Мен орозомун»,- деп айтышы керек.

8. Башка орозо кармагандарга жарадам кылышы керек.

 

Орозонун макрүлөрү

 

1 Даарат алганда ашыкча ооз же мурун чайкоо.

2 Аялы менен өбүшүү, анткени шахваты козголуп жыныстык катнашка жол берет же маний чыгышына себеп болуп орозосу бузулуп, ал күнөөнү жууш керек болуп калат.

3 Кумарданып аялын көпкө тиктеп туруу.

4 Жыныстык катнаш жөнүндө ойлонуу.

5 Аялга колу менен же денеси менен тийишүү.

6 Оозду шилекейге толтуруп анан жутуу.

7 Эч зарылсыз тамактан ооз тийип көрүү.

 

 

Орозо кармабаганга жөнү бар себептер:

 

1 Айыз көргөн жана төрөттөн бошогон аялдар.

2 Алыска сапарга чыккандарга намазын каср (кыскартуу) жана орозо кармабаганга уруксат берилет.

3 Оорулуу кишилер эгер орозо кармаса, денесине зыян келтирсе.

4 Боюнда бар же эмчек эмизген аялдар өзүнөн же баласынан чочуласа.

Мына ушул аталгандар орозо бүткөндөн кийин орозо кармашат.

 

Орозону буза турган себептер

 

1. Рамазандын күндүзү атайлап тамак жесе же ичсе.

2. Кошулуу (жыныстык катнаш).

3. Атайлап урук (маний) чыгарса.

4. Атайлап кусса.

5. Иче-карынды тазалаш максатында клизма жасаш, кан азыктары (глюкоза, гемодез ж.б.) венага куйса,

6. Айыз көрсө же нифас кандын келиши.

7. Дарылоо максатында организмден кан алуу, алганда, алынганда экөө тең.

 

Эскертүү

 

* Ким эгерде Рамазан айында күндүзү жыныстык катнаш жасаса, орозо бүткөндөн кийин орозо кармап жана күнөөсүнөн кутулушу керек (кафарат).

* Бул күнөөнү жууш үчүн кийин эки ай катары (60 күн) менен орозо кармалат.

* Эгер орозо кармоого шарты, мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда 60 кембагалга тамак бериши керек.

* Ким орозодон карызы бар болсо, ал кийинки Рамазан айына чейин орозо кармашы керек.

* Эгер ; «Ажыга барам же орозо кармайм»,-деп убада кылган киши көз жумса, анда анын ордуна туугандарынын арасынан өкүл аткарат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE