Хади́с» (арабча: الحديث «сөз»)—Мухаммед пайгамбардын (САВ) санат сөздөрү («кауль»), жактыруулары (макул табуулары) («такрир»), көрүнүшү («васфи») же кылган иш-аракеттери («филь»). Хадистер Сахабалардын жардамы менен айтылып, сакталып келген.Хадистерди колдонуу Мухаммед пайгамбардын убагында эле башталган. Ар бир хадис бири-бирине айтып жеткирген адамдардын үзгүлтүксүз чынжырчасынан — иснаддан турушу керек. Башкача айтканда жеткирүүгө катышкан, эң биринчи уккан адамдан баштап бардык инсандардын тизмеси. Бирок хадистин шексиздиги, ырас экендиги (чын эле пайгамбар ушинтип айтканбы, же башка адамдар ойлоп чыгарганбы) үчүн үзгүлтүксүз иснад зарыл болгону менен, хадисти чындыкка чыгаруу үчүн жетишсиз болгон. Жеткирүүчүлөрдүн толук тизмеси түзүлгөн соң, айтып берген адамдардын өмүр баяны изилденген. Эгер, кайсы бир айтып берүүчүнүн начар эс-тутуму, психикалык жактан токтоо эместиги, же жөн гана чынчыл эместиги билинсе, анда ал адам – начар жеткирүүчү катары саналып, айтылган хадис шектүү болуп саналган. Хадистер аныгы жагынан шексиз (сахих), жакшы (хасан), начар, шектүү жана ойлоп чыгарылган (башка адам атайы ойлоп чыгарып, пайгамбар айткан деп жайылтуу, калп) болуп бөлүнгөн.Хадистер жөн гана насаат болуп тим болбойт. Мухаммед пайгамбар, ким пайгамбар айтпаганды айтты деп жалаа жаап, пайгамбардын атынан айтса ал тозоктон орун алат деп айткан. Пайгамбардын бул сөзү кудайга баш ийүүчүлөргө катуу таасир эткен. Хадистердин маңызы — Куранда жазылгандарды кененирээк, түшүнүктүүрөк кылып ачып берүү. Мисалы, Куранда намазокуу буйрулган. Ал эми хадис намазды кандайча окуу керектигин түшүндүрөт.Мухаммед пайгамбардынсахабаларыны бири Абу Хурайра5354 хадис айтып берген.Белгилүү, беделдүү хадис жыйноочулардын бири – имам Мухаммад ибн Исмаил аль-Бухари (810—870). Ал 700 миңдин тегерегинде хадис жыйнап, алардын 7400 гана «аль-Джами’ ас-Сахих» жыйнагына киргизген. Бул бардык хадистердин 1% ашыгыраагын гана түзөт. Ал эми калган хадистерин шектүү же начар хадис деп санаган.Эң көлөмдүү жыйнактардын бири 40 миң хадис камтыган имам Ахмад ибн Ханбалдын «аль-Муснад» жыйнагы (Ибн Ханбал 1 миллионго жакын хадис жыйнаган).
Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........
Сизге мумкун жагып калат...
ЖЕТИМ ЖАНА ЖЕТИМДИН МАЛ-МҮЛКҮН ПАЙДАЛАНУУ Атасынан же ата-энесинен
🆘Чоочун (намахрам) аялдарды жана эркектерди кароо Аялдарга да эркектерге
14-февралдагы майрам деп күтүп жүргөн эже-сиңдилер бул күн майрам эмес!!
بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ Мухаммад Мустафа салаллаху
«Эгеңер: “Эгер шүгүр кылсаңар, силерге (жакшылыктарымды) көбөйтөмүн, эгер
ОРОЗО ТУТУУЧУЛАРДЫН ДАРАЖАЛАРЫ Имам Абу Хамид аль-Газали орозо тутуучуларды
СЕН АЛЛАХТАН «МЕНИ ШИРКТЕН САКТА» ДЕП ДУБА КЫЛАСЫҢБЫ?
Түн ортосунда ойгонуп, бирөө сизди кысып жаткандыгын сезесиз, бирок кыймылдай
СЕН БҮГҮН КУРАН КИТЕБИНЕН БИР АЯТ БОЛСО ДА ОКУДУҢБУ?
УЛУУ ИМАМ АБУ ХАНИФА РАХИМАХУЛЛА Аллах Таалага мактоолорду айтабыз.
Сыйкыр жана көз тийүүдөн кантип коргонуу керек? Акыркы убакта көз тийүү
БИСМИЛЛАХИР РАХМААНИР РАХИИМ. Аллах Таала инсанды кадырлап тил нээматын берди.
*БИСМИЛЛАХИР РАХМААНИР РАХИИМ.* *Тиштер.* 👆Тиш Аллах Тааланын
*🍶ООЗ АЧУУНУН ЖАНА СААРЛЫКТЫН БЕРЕКЕСИ* ✍🏻Орозонун сообу Алланын
Бисмиллаахир рахмааниир рахиим. 💎 ДҮНҮЙӨ АЗГЫРЫГЫНАН ТЫЙЫЛУУНУН
Беш нерсени имам кылбаса жамаат да кылбайт: 1. Имам «Кунут» окубаса, жамаат дагы окубайт.
ЭМНЕ ҮЧҮН ОРОЗОНУ РАМАЗАН АЙЫНДА КАРМАЙБЫЗ? Рамазан он эки айдын бири.
Периштелердин жана жиндердин белгилуу кейипке кириши.
“АТЕИСТТЕРДЕН ИМАМ АБУ ХАНИФАГА СУРОО”: Кудайга ишенбеген атеисттер
Текст: “Фатиха” суросу (кыргызча тамгалар менен) 1. Бисмилляяхи-ррохмаани-ррохиим.
«Лаа илааха илла Алла» келимесинин мааниси Исламдын негизи
КУТТУУ ОРОЗО АКЫРЕТКЕ АЗЫК КАМДООЧУ АЙ…* ✍🏻Сөзүбүздү устазыбыздын
Аллах Таалам адамзат үчүн жаралгандан баштап тынбай согуп, тээ өлгөнгө
*ӨЗҮБҮЗДҮ БИР ТЕКШЕРИП КӨРӨЛҮ НАМАЗГА БОЛГОН ЫКЛАСЫБЫЗДЫ…
⚜ _Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим_ ⚜ 💫 БАГЫМДАТТЫ ТУРГУЗГАНДАРГА СҮЙҮНЧҮ!💫